Түрк басма сөзү 8.05.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1983751
Түрк басма сөзү 8.05.2023

«Сабах» гезити «Чавушоглу Түркиянын Хартумдагы элчиси Чобаноглунун унаасына ок атылганы тууралуу билдирүү жасады» аттуу кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун, Түркиянын Хартумдагы элчиси Исмаил Чобаноглунун унаасына ок атылганына байланыштуу Суданда Армия жана Ыкчам колдоо күчтөрү менен сүйлөшүүлөрдүн уланып жатканын айтканын жазган. Чавушоглу: «Атайын күчтөрүбүз баш болгон бир туугандарыбыздан, элчилигибизден жана башка жансакчылардан эч ким жабыркаган жок, унаа зыян тартты»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Фатих Амасра-3те бургулоо иштерин баштады» аттуу маалыматында Түрк мунайзаттар корпорациясы, (TPAO) Фатих бургулоо кемесинин Амасра-3тө бургулоо иштерин баштаганын билдиргенин жазган. TPAOнун Твиттерден бөлүшүлгөн билдирүүсүндө: «Энергетикада көз карандысыз Түркия максаты менен кургакта жана деңизде чалгындоо иштерибиз уланууда»-деди.

«Ватан» гезити «Габар майы ага баштады» аттуу кабарында Түркиянын ушул убакка чейин табылган эң сапаттуу мунайынын Габарда ага баштаганын билдирген. Габардан айтылган маалыматка караганда, 1 миллиард баррелдик резервге жетти.

«Стар» гезити «Дүйнөгө таанымал ысымдан Түркияга мактоо» аттуу кабарында Түркиянын дүйнөдөгү таасиринин күндөн-күнгө артып баратканын белгилеген англиялык белгилүү академик Николас Ж.Кулл, TB2 куралдуу учкучсуз учуучу аппараттардын Түркиянын күчүн чагылдырганын айтканын билдирген.

«Хабер түрк» гезити «ТРТ Табии эфирге чыга баштады» аттуу кабарында Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемесинин (TRT) Эл аралык санариптик платформасы «Табиинин», узак даярдыктан кийин көрүүчүлөргө тартууланганын жазган. Платформада кыймылдуу тасмадан комедияга, тарыхый драмадан анимацияга чейин көптөгөн мазмун бар. "Табииге "www.tabii.com" сайтынан кирүүгө болот.



Тектеш кабарлар