Түрк басма сөзү 5.04.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1969974
Түрк басма сөзү 5.04.2023

«Йенишафак» гезити «Дүйнө 5тен чоң билдирүүсү» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын салтка айланган элчилер менен 14-ифтар программасында «Дүйнө 5тен чоң» деген сөзүн кайталап, «Адамзаттын тагдырын 5 өлкөнүн чечимине калтырган азыркы тартип туруктуу эмес»,-дегенин жазган.

«Стар» гезити «Акар: Эгей менен Жер Ортолук деңизинин чындап достук деңизи болушун каалайбыз» аттуу маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын, Хатайга келген Грециянын коргоо министри Николас Панагиотопулос менен биргелешкен маалымат жыйынында: «Эгей менен Жер Ортолук деңизинин чындап достук деңизи болушун каалайбыз»,-дегенин билдирген.

«Ватан» гезити «Март айындагы экспорттун рекорду» аттуу кабарында соода министри Мехмет Муш: «Жер титирөөдөн улам келип чыккан өндүрүш жана камсыздоодогу терс көрүнүштөргө карабастан экспортубуз март айында 4,4 пайызга өсүп 23,6 миллиард долларга жетти. Бул бардык мезгилдердин эң жогорку айлык экспорту»,- дегенин жазган.

«Хүррийет» гезити «Алиев Тоггду алды» аттуу маалыматында Түркиянын жергиликтүү жана улуттук унаасы Тоггдун Азербайжандын президенти Илхам Алиевге өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк тарабынан тапшырылганын билдирген. Алиев Тоггду президент Эрдогандан кийин алган экинчи адам болду. Эрдоган Алиевди Тогго ээ болгондугу үчүн куттуктады.

«Сабах» гезити «Туризмде Германия жана Британия рынокторунда 50 пайыздык өсүш болду» аттуу кабарында Жер Ортолук деңиз туристтик мейманканачылар жана операторлор биримдигинин төрагасы Каан Кашиф Кавалоглу, Германия жана Британия рынокторунда 3 айлык мезгилде, рекорддук жыл болгон 2019-жылдын көрсөткүчтөрүнөн ашып кеткенин жана 50 пайыздын тегерегинде өсүш болгонун айтканын жазган.



Тектеш кабарлар