Түрк басма сөзү 16.02.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1947020
Түрк басма сөзү 16.02.2023

«Йени Шафак» гезити «Түркия бир жүрөк болду» аттуу кабарында Түркия «Кылымдын апааты» деп сыпатталган жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга карата бир жүрөк болгонун жазган. Телеканалдардын биргелешкен түз эфиринде уюштурулган «Түркия бир жүрөк» акциясында жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн 115 миллиард лирадан ашуун жардам чогултулду.

«Хабер түрк» гезити «Кайрымдуулук рекорду» атуу маалыматында Түркиянын жүрөгүндө терең жараларды калтырган кылымдын эң чоң жер титирөө апааты болгон бул күндөрдө бардык телеканалдар биргелешип түз эфирде жардам берүү үчүн чогулушканын жазган. Искусствонун, бизнестин жана спорттун алдыңкы өкүлдөрү жана коомчулук жер титирөөдөн жабыркагандарга колдоо көрсөтүштү. Борбордук банк 30 миллиард лира менен эң чоң жардамды жасады. Кайрымдуулук суммасы; 115 миллиард 146 миллион 528 миң лира, жөнөтүлгөн SMS саны 9 миллион 10 миңге жетти.

«Сабах» гезити «Жаңы турак жайлар март айында салына баштайт» деген кабарында Кахраманмарашта жер титирөөдө каза болгон он миңдеген адам менен катар миңдеген үй жана жумуш орундары жараксыз абалга келгенин белгилеген. Дүйнө «кылымдын апааты» деп атаган кырсыктан кийин президент Режеп Таййип Эрдогандын көрсөтмөсү менен аймакта жаңы турак жайлардын курулушу март айында башталат.

«Стар» гезити «Украина командасы жер титирөө болгон аймакта» аттуу кабарында Түркиядагы жер титирөөлөрдөн кийин жер титирөө болгон аймактагы издөө-куткаруу иштерине дүйнөнүн төрт тарабынан келген топтор катышканын жазган.  Украиналык куткаруу тобунун башчысы Константин Силаев: «Орусия-Украина согушунун башталышында Түркиянын бизге көрсөткөн колдоосу жана жардамдарына ыраазычылыгыбызды көрсөтүү үчүн колубуздан келгендин баары ушул. Бир аз болсо да рахмат»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Армения менен нормалдашуу» деген маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян менен борбор шаар Анкарада өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында эки өлкөнүн ортосундагы карым – катнаштардын нормалдашуусуна байланыштуу көңүл буруучу билдирүүлөрдү жасады. Чавушоглу: «Бул тилектештикти улантышыбыз керек. Түштүк Кавказда нормалдашуу процесси уланууда»,-деди.



Тектеш кабарлар