Түрк басма сөзү 9.01.2023

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1929696
Түрк басма сөзү 9.01.2023

«Хабер түрк» гезити «Президент Эрдоган студенттерге кайрылды» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын, жаштардын келечектин кепилдиги экенин билдиргенин жазган. Эрдоган кечээ Стамбулда сүйлөгөн сөзүндө жаштар менен сыймыктанганын айтып, Түркия кылымы аманат кылына турган жаштардын улуттун кылымдардан берки кыялдарын ишке ашыра турчу жаштар экенин белгиледи.

«Стар» гезити «Түркия күчүн көрсөттү» аттуу маалыматында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, Керектөөчү электроника жарманкеси CES-2023кө катышуу үчүн барган АКШдагы жолугушууларынын алкагында кечээ Тогдун стендине барганын жазган. Варанк бул жердеги билдирүүсүндө: «(Тогг) Түркияда сатыкка чыккандан кийин 2 жылдын ичинде экспортту баштоо максаты бар. Учурда дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн кайрылуулар түшүп жатат. Жакынкы Чыгыштан, Борбор Азиядан жана Европадан "бул унааны кантип сатып алсак болот, кантип анын дилери боло алабыз" деп чоң кызыгуу көрсөтүп жатышат»,-деди.

«Ватан» гезити «Германияга экспортто тарыхый туу чокуга жетти» аттуу кабарында Түркиянын Германияга экспорту өткөн жылы 18 миллиард 910 миллион доллар менен тарыхтын эң жогорку чегине жеткенин билдирген. Өткөн жылы 4 миллиард 390 миллион доллар менен Германияга эң көп экспортту автомобиль өнөр жайы жасады.

«Йени Шафак» гезити «Гөбеклитепе зыяратчы рекордун жаңылады» аттуу маалыматында 12 миң жылдык тарыхы менен Шанлыурфада «тарыхтын нөл чекити» деп сыпатталган, ошондой эле Илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Гөбеклитепе 2022-жылы 850 миң кишини кабыл алып, ачылгандан бери эң көп туристтердин санына жеткенин билдирген.

«Сабах» гезити «Улуттук конькичи Мухаммед Боздаг Венгрияда экинчи болду» аттуу кабарында улуттук спортчу Мухаммед Боздаг Венгрияда өткөрүлгөн Шорт Трек (коньки менен кыска аралыкка чуркоо) Челлендж Серия 2 Pannonia Open мелдешинде күмүш медалга ээ болгонун билдирген.



Тектеш кабарлар