Түрк басма сөзү-29.12.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1925044
Түрк басма сөзү-29.12.2022

 

 «Сабах» гезити «Эрдоган: Илим жана технологияда кайрадан көтөрүлө баштадык» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын TÜBİTAK жана TÜBA сыйлыктарын тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө: «Түркия илим жана технологияда жандануу мезгилине кирет. Бул аймак илим жана технологиянын борбору болот»,-деп айтканын баяндаган.

 

«Йенишафак» гезити «Financial Times: Түркия чоң артыкчылыкка ээ боло алат» деген кабарында Британиянын Financial Times гезити Түркия менен президент Режеп Таййип Эрдогандын колундагы «көзүрдү» ийгиликтүү колдонгонун баса белгилеген макаласында: «Түркия чындап эле Орусия-Украина согушунан улам бир артыкчылыкка ээ боло алат. Украинанын тынчтык сүйлөшүүлөрүндө да роль ойной алат»,деген кабарды жазганын маалымдаган.

 

«Ватан» гезити «Президент Эрдогандын Нобель Тынчтык сыйлыгына көрсөтүлүшү» аттуу кабарында Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп : «Орусия менен Украинанын ортосундагы тынчтык аракеттеринен улам президент Эрдоганды Нобель сыйлыгына көрсөттүм. Менин арызым бар. Башка өлкөлөрдөн да арыздар болот»,-деди.

 

«Хүррийет» гезити «Кара деңиз газы март айында иштей баштайт» аттуу кабарында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез 2023-жылдын март айынын аягында биринчи жолу Кара деңиз газын системага жеткире тургандарын жарыялаганын жазган.

 

«Стар» гезити «New York Times реванинин рецептин бөлүштү» деген кабарында АКШнын алдыңкы гезиттеринин бири болгон New York Times салттуу түрк таттуусу реванинин рецептин окурмандары менен бөлүшкөнүн жазган. Гезит мындай деп жазган: «Бул түрк йогурт тортунун чизкейкке караганда жумшак жана күчтүү даамы бар».



Тектеш кабарлар