Түрк басма сөзү 19.12.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1920496
Түрк басма сөзү 19.12.2022

«Йени шафак» гезити «Түркия, Германия жана Грециянын ортосундагы критикалык сүйлөшүү» аттуу кабарында Түркия, Германия жана Грециянын делегациялары Бельгияда үч тараптуу жолугушуу өткөргөндөрүн билдирген. Жолугушууда Түркия менен Грециянын ортосундагы байланыш каналдарынын кайрадан жандандырылышынын талкууланганы айтылды.

«Стар» гезити «Алдыңкы 10 өлкөнүн бири болобуз» аттуу маалыматында транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаиоглу, Түркиянын байланыш спутниктерин чыгара алган 10 өлкөнүн арасында орун алышына шарт түзө турган биринчи ата мекендик байланыш спутниги Түрксат 6Аны 2023-жылы космоско учурууну пландагандарын билдиргенин жазган.

«Хабер түрк» гезити «Бир эле учурда 4 бургулоочу кеме иштеп жатат» аттуу кабарында Түрк мунайзаттар корпорациясы (TPAO) «Фатих», «Явуз» жана «Кануни» бургулоо кемелери Кара деңизде, «Абдүлхамид Хан» бургулоо кемесинин болсо Жер Ортолук деңизинде бир убакта иштеп жаткандарын кабарлаганын жазган.

«Сабах» гезити «Түрк илимпоздору ооруларды дем алуудан аныктай турган «акылдуу аппаратты» чыгарышат» аттуу маалыматында Түрк илимпоздору тарабынан жасалма интеллект технологиясы аркылуу адамдын деминдеги компоненттерден ооруну аныктай алган "акылдуу анализатор" иштеп чыга тургандарын билдирген.

«Хүррийет» гезити «Дүйнө чемпиону Аргентина» аттуу кабарында Аргентинанын 2022-жылкы Дүйнө чемпионатынын финалында Францияны пенальтиде 4-2 эсебинде жеңип, чемпиондукка ээ болгонун билдирген.



Тектеш кабарлар