Түрк басма сөзү 3.11.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1901595
Түрк басма сөзү 3.11.2022

«Хабер түрк» гезити «Президент Эрдоган: Дан кризисинен ашып өттүк» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын дан кризисинен чыкканын жарыялаганын маалымдаган. Эрдоган кечээки билдирүүсүндө Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун улуттук коргоо министри Хулуси Акарга дан ташуунун улана турганын айтканын билдирди.

«Сабах» гезити «Министр Чавушоглудан Грецияга катуу сөз» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кечээки билдирүүсүндө Греция менен болгон карым-катнаштардын чыңалуусуна Греция себеп болгонун белгилеп: «Греция менен карым-катнаштардын чыңалган учурун карагыла, булар Түркиядан келип чыккан жери жок. Грециядан келип чыгууда. Эл аралык укукту бузган Греция, бирок акыркы убакта Грециянын шаштысынын кеткенинин себеби Түркиянын ар бир тармакта күчтөнүп баратканы»,-деп айтканын баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Министр Муш: Экспорт эң жогорку көрсөткүчкө жетти» аттуу маалыматында Соода министри Мехмет Муш октябрь айында экспорттун 3 пайыздык өсүү менен 21,3 миллиард долларга жеткенин билдиргенин жазган. Муш: «Экспортубуз эң жогорку айлык көрсөткүчкө жетти. Экспорт январь-октябрь мезгилинде 15 пайызга өсүп 209,5 миллиард долларга жетти»,-деди.

«Йени Шафак» гезити «Барбарос Хайреддин Паша Сүрменеден мунай издейт» деген кабарында узундугу 84 метр, салмагы 4 миң 711 тонна болгон «Барбарос Хайреддин Паша» кемеси Трабзондун Сүрмене районунда мунай чалгындоо иштерин жүргүзө тугрганын маалымдаган.

«Стар» гезити «Дүйнөлүк класс Апекстен THYге сыйлык» аттуу кабарында Түрк аба жолдору (THY) эң ишенимдүү жана дүйнөдөгү абройлуу авиация уюмдарынын бири катары таанылган APEX (Airline Passenger Experience Association) тарабынан тейлөө стандарты үчүн 'APEX World Class' жана 'Five Star Global Airline 2023' сыйлыктарына дагы бир жолу татыктуу деп табылды...



Тектеш кабарлар