Түрк басма сөзү 19.10.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1894667
Түрк басма сөзү 19.10.2022

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган: Түркия ыңгайлуу борбор болду» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын, Түркиянын эми билимдүү балдары чет өлкөгө карьера үчүн барган эмес, чет өлкөдө окуган балдарын өзүнө тарткан ыңгайлуу борбор болгонун айтканын билдирген. Эрдоган: «Түркия азыр өнүккөн өлкөлөрдүн катарында»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Калындан Батышка грек реакциясы» аттуу маалыматында Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калындын батыштык өлкөлөрдүн эки жүздүү мамилесине каршылык көрсөткөнүн жазган. Грециянын күн сайын мигранттарды артка түртүп жатканына карабастан Батыштан бул тууралуу эч кандай реакция болбогонун белгилеген Калын: «Батыштык кесиптештерибиз жеке жолугушууларда Греция аны да кылып жатат деп айтышууда. Эмне үчүн Греция жөнүндө биздин кулагыбызга шыбырап жатасыңар, эмне үчүн алардын алдына ачык айтпайсыңар?»- деди.

«Ватан» гезити «Ата мекендик ракета бутага таамай атты» деген кабарында Ракета өнөр жай жана соода корпорациясы (ROKETSAN) тарабынан иштелип чыккан ата мекендик «Тайфун» ракетасынын Ризеде сыналганын билдирген. Кургактан деңизге алыс аралыкка атууда «Тайфун» 561 километр алыстыктагы бутага ийгиликтүү жетти.

«Стар» гезити «Грек аскерлери түрк ракеталарын өз көздөрү менен көрүштү» аттуу маалыматында ата мекендик жана улуттук курал-жарактар ​​да орун алган, Түрк куралдуу күчтөрүнүн ок атуучу күчү көрсөтүлгөн «Ок атуу эркин- 2022» машыгуусу өткөрүлгөнүн билдирген. Буталарга таамай тийген Фыртына гаубицалары, Каргу камикадзе дрону жана L-UMTAS ракеталары колдонулган машыгууда биринчи жолу брондолгон танк атуучу унаанын үстүнөн "Жирит" ракетасы атылды. Иш-чарага Греция, Украина, Орусия жана АКШ сыяктуу көптөгөн өлкөлөрдүн аскердик атташелери катышты.

«Сабах» гезити «THY 2023-жылы 2 миллион америкалык туристти алып келүүнү максат кылууда» аттуу кабарында Түрк аба жолдорунун (THY) башкаруу жана аткаруу комитетинин төрагасы профессор доктор Ахмет Болат, быйыл 1 миллион америкалыктын Түркияга туристтик максатта саякат кылганын билдиргенин жазган. Болат: «Келээрки жылы Түркияга 2 миллион америкалыкты алып келүүнү максат кылуудабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар