Түрк басма сөзү 13.10.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1892060
Түрк басма сөзү 13.10.2022

«Сабах» гезити «Эрдоган Казакстан менен кызматташууга басым жасады» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркиянын Казакстандын туруктуулугун жана жеринин бүтүндүгүн колдоону уланта турганын белгилеп : «Орто мөөнөттүү 10 миллиард долларлык максатыбызга карай бекем кадамдарды таштоодобуз. Орто Азияда жана глобалдык деңгээлде көп тараптуу платформаларда биргелешкен аракеттерибизди улантабыз»,-дегенин билдирген.

«Хүррийет» гезити «Путинден Түркия формуласы» аттуу маалыматында Орусиянын президенти Владимир Путиндин кечээки билдирүүсүндө, Европага газ жеткирүү үчүн Түркияда чоң жаратылыш газ борборун кура ала тургандарын айтканын жазган.

«Стар» гезити «Биз үчүн негизги өнөктөш» аттуу кабарында Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясынын кеңейүүдөн жооптуу мүчөсү Оливер Вархелинин, Түркиянын Европанын энергетикалык коопсуздугу үчүн маанилүү жана ишенимдүү транзит өлкө болуу менен бирге ЕБ үчүн да негизги өнөктөш болууну улантып жатканын билдиргенин баяндаган.

«Йени Шафак» гезити «Дүйнөнүн эң чоң сүзүп жүрүүчү заводу Түркияда өндүрүлдү» аттуу кабарында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, Яловада өндүрүлгөн «дүйнөнүн эң чоң сүзүп жүрүүчү балык заводу кемесинин», күнүнө 450 тонна балыкты кармап аны иштете алган, кайра иштетилген балыкты төрт сааттын ичинде тоңдуруп андан кийин жээкке ташыган толук автоматташтырылган технологиялык керемет экенин айтканын жазган.

«Ватан» гезити «Август айынын өнөр жай өндүрүшүнүн көрсөткүчү жарыяланды» атуу кабарында Түркия статистика мекемесинин маалыматына караганда өнөр жай өндүрүшү август айында айлык 2,4 пайызга, жылдык 1 пайызга өскөнүн билдирген.



Тектеш кабарлар