Түрк басма сөзү-10.10.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1890701
Түрк басма сөзү-10.10.2022

«Ватан» гезити  «Президент Эрдоган: Акыркы 20 жылда жалпы 164 музейди толугу менен жаңыладык» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Стамбулда «Мимар Синан» көркөм өнөр университетинин Стамбул сүрөт жана скульптура музейинин ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө: «Акыркы 20 жылда оңдоо жана реставрация иштерин жүргүзүп, 164 музейди толугу менен жаңыладык. Өлкөбүз боюнча 56 музейди биринчи жолу ачсак, 18 музейибиз жаңы курулган имараттарында улутубузга кызмат кылууга бердик»,-деп айтканын баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Чавушоглу: Сириядан Ливияга чейин Түркиянын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого милдеттүүбүз» аттуу маалыматында кечээ Франциянын Страсбург шаарында түрк жарандары менен жолугушкан тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: «Биздин артыкчылыктарыбыз бар, Сириядан Ливияга чейин Түркиянын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого милдеттүүбүз»,-деп айтканын баяндаган.

«Сабах» гезити «Түркиянын Германияга экспорту болуп көрбөгөндөй жогорку чегинде» деген кабарында Түркиянын Германияга экспорту 2022-жылдын январь-сентябрь айларында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 10,6 пайыз өсүп 14 миллиард 258 миллион долларга жетип, бардык мезгилдердин эң жогорку январь-сентябрь көрсөткүчүнө жеткенин белгилеген.

«Стар» гезити «Дүйнөнүн эң мыктысы Түркияда! Жүргүнчүлөрдүн саны 51 пайызга өстү» деген кабарында дүйнөнүн эң мыкты аэропорту деп тандалган Стамбул аэропортунда 47 миллион 572 миң жүргүнчү тейленгенин маалымдаган. Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаиоглу транзиттик жүргүнчүлөрдү кошкондо жалпы жүргүнчү трафигинин январь-сентябрь мезгилинде 51 пайызга өсүп 138 миллиондон ашканын билдирди.

«Хабер түрк» гезити «Ампутанттар улуттук курама командасы дүйнө чемпиону» деген кабарында 2022-жылкы Дүйнөлүк Кубогунун финалында Түркиянын Ампутанттар улуттук курама футбол командасы Анголаны 4-1 эсебинде жеңип, тарыхында биринчи жолу чемпион болгонун маалымдаган. Ай-Жылдыздуу командага кубокту алып келген голдорду Өмер Гүлерюз, Рахми Өзжан (2) жана Серкан Дерели киргизди.



Тектеш кабарлар