Түрк басма сөзү 3.10.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1887536
Түрк басма сөзү 3.10.2022

«Стар» гезити «Дүйнөлүк басма сөздөн президент Эрдоганга мактоо» аттуу кабарында америкалык «Politico» гезитинин президент Режеп Таййип Эрдогандын дан коридору жана туткундарды алмаштыруу келишимдериндеги дипломатиялык аракеттерин жана ийгилигин мактаган макала жарыялаганын баяндаган. Саясат таануучу Натали Точчи тарабынан жазылган макалада, глобалдык масштабдагы маанилүү келишимдердин Түркиянын негизинде ишке ашып жатканы белгиленди.

«Сабах» гезити «Түркия менен АКШнын ортосундагы критикалык сүйлөшүү» аттуу маалыманда Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калындын Стамбулда АКШнын улуттук коопсуздук кеңешчиси Жейк Салливан менен жолугушканын билдирген. Жолугушууда Ф-16га байланыштуу процесстин аякташынын эки өлкөнүн стратегиялык кызыкчылыктарына кызмат кыла турганы баса белгиленди.

«Йени шафак» гезити «Израилдин премьер-министри Лапид: Түркияга элчи дайындалышы маанилүү кадам» аттуу кабарында Израилдин премьер-министри Яир Лапиддин өлкөсүнүн Анкарага элчи дайындашына байланыштуу билдирүүлөрдү жасап, Түркия менен карым-катнаштарды жакшыртууда маанилүү кадам болгонун айтканын жазган.

«Хүррийет» гезити «Зеленскиден Селчук Байрактарга мамлекеттик орден» аттуу маалыматында Украинанын Президенттик аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак жана аны коштогон делегация "Өздемир Байрактар" ​​улуттук технология борборуна барганын билдирген. Иш сапардын жүрүшүндө Андрей Ермак BAYKAR технологиялык лидери Селчук Байрактарга Украинанын президенти Владимир Зеленский тарабынан берилген мамлекеттик орденди тапшырды.

«Хабертүрк» гезити «Антальяга аба аркылуу келген туристтердин саны 11 миллиондон ашты» аттуу кабарында 1-январдан 30-сентябрга чейин дүйнөнүн төрт бурчунан туристтерди тарткан Антальяга аба жолу менен келген чет элдик туристтердин саны 11 миллион 27 миң 94кө жеткенин билдирген.



Тектеш кабарлар