Түрк басма сөзү 25.08.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1872148
Түрк басма сөзү 25.08.2022

«Хабер түрк» гезити «Курулуш подрядчылыгында максат 75 миллиард доллар» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын: «Эл аралык подряддык кызматтардын көлөмү 2030-жылдары 750 миллиард долларга жетиши күтүлүүдө»,-деп айтканын баяндаган. Эрдоган:«Биз биргелешип бул чоң торттогу өлкөбүздүн үлүшүн биринчи кезекте 10 пайызга же 75 миллиард долларга жеткирүүнү максат кылышыбыз керек»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Орусиядан Анталия аркылуу учуу планы» аттуу маалыматында Орусиядагы агенттиктер жана туризм фирмалары Түркийеде болжол менен эки ай ичинде жабыла турган жайкы сезондон кийин Анталья үчүн жаңы пландарды түзө баштаганын маалымдаган. Кыш айларында Ыраакы Чыгыш жана Кариб деңиздериндеги жылуу деңиздерге жетүүнү каалаган орус туристтери үчүн азаптуу жана чарчата турган саякат болорун белгилеген Орусиянын Тур операторлор ассоциациясынын вице-президенти Алексан Мыкырчан: «Эң үнөмдүү жана ыңгайлуу маршрут планы Түркийенин Анталия аэропортун ишке киргизүү болот»,-деп айтканын берген.

«Ватан» гезити «Мунайдын эң көп запасы бар өлкөлөр жарыяланды» деген кабарында Эл аралык энергетика агенттиги (IEA) мунайдын эң көп запасы бар өлкөлөрдүн жаңыланган тизмесин жарыялаганын маалымдаган. Маалыматтарга караганда жалпы өндүрүлө турган мунай запасы 1 триллион 779 миллиард баррелге көтөрүлүп, Түркийенин көптөгөн өлкөнү артка калтырганы көңүлдөрдү бурду. Түркия 340 миллион баррель менен 18-орунда.

«Йени Шафак» гезити «Борса Стамбулда чет элдик кызыкчылык бар» деген маалыматында Borsa Istanbul BIST 100 индекси 3 миң 100 баллдык босогодон ашканын белгилеген. Өсүүдө чет элдик инвестор кызыгуусу маанилүү роль ойносо, жыл башынан бери индекс 61 пайызга өстү.

«Стар» гезити «Акардан террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүк билдирүүсү» аттуу кабарында Түрк куралдуу күчтөрүнүн ПКК/ЙПГ жана ПЙДга каршы операцияларына көңүлдөрдү бурган Улуттук коргоо министри Хулуси Акар: «85 миллион жараныбыздын ишенимин камсыз кылуу үчүн иштеп жатабыз»,-деп айтканын баяндаган. Жалгыз бутасынын террористтер экенин баса белгилеген Акар: «Террористтер кайда болсо, биздин бутабыз ошол жер. Бул операция канча убакытка созулат? Акыркы террорист зыянсыздандырылганга чейин»,-деди.

 



Тектеш кабарлар