Түрк басма сөзү 15.06.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1843356
Түрк басма сөзү 15.06.2022

«Ватан» гезити «Президент Эрдоган дата берип сүйүнчүнү жарыялады» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдоган Түрксат 5Б спутнигин ишке киргизүү аземинде: «İmece ата мекендик жана улуттук байкоочу спутнигибизди январь айында, Түрксат 6Аны 2023-жылдын орто ченинде учурабыз. Ушундайча космостогу спутнигибиздин саны 10го жетет»,-дегенин билдирген.

«Хүррийет» гезити «Акар грек эл өкүлдөрүнө катуу каршылык көрсөттү» аттуу маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акар, НАТОнун Парламенттик ассамблеясынын жыйынында Түркияга каршы билдирүү жасаган грек эл өкүлдөрүнө катуу реакция кылып: «Эгерде силер биз күрөшүп жаткан, элибизге зыян келтирген, 40 миң кишини өлтүргөн, 251 кишини кырып салган ПКК/ЙПГга, ФЕТӨгө ал жердеги (Лаврион) лагерде орун берсеңер мунун аты шериктештик деп аталбайт, бул достукка каршы келет. Бул абал союздаштыкка да зыян келтирет, союздаштыктын рухуна да каршы келет»,-дегенин жазган.

«Сабах» гезити «Министр Варанк: Европада эң жогорку лигага көтөрүлдүк» аттуу кабарында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк: «2021-жылы 300дөн ашуун демилгебиз жалпысынан 1,5 миллиард доллардан ашык инвестиция алып, бардык убакыттардын рекордун жаңыртты. Үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде (2022) жалпы 1 миллиард 273 миллион долларлык инвестиция менен Европада эң жогорку лигага көтөрүлдүк»,-дегенин билдирген.

«Стар» гезити «Fitchтин Түркия чечими» аттуу кабарында Эл аралык кредиттик рейтинг агенттиги Fitch Ratings июнь айындагы отчетунда үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде күтүлгөндөн бир топ жакшы көрсөткүчкө жетишкен түрк экономикасынын быйыл 4,5 пайыз, 2023-жылы 3 пайыз жана 2024-жылы 2,9 пайыз өсүүсү күтүлгөнүн белгилегенин жазган.  

«Йени шафак» гезити «Террордон тазаланды, эми чет элдик туристтерди тосуп алууда» деген кабарында Хаккариде коопсуздук күчтөрүнүн операциялары менен террордон тазаланган тоолор жана жайлоолор Түркиянын ар кайсы облустарынан келген адамдар менен бирге чет элдик туристтерди да тосуп ала баштаганын билдирген. Германиядан келген 20 туристтен турган топ 3800 бийиктиктеги Берчелан жайлоосунда жаратылышка сейилдөө үчүн чыгышты.



Тектеш кабарлар