Түрк басма сөзү 6.04.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1807861
Түрк басма сөзү 6.04.2022

«Хабер Түрк» гезити: «Зеленский түрк басма сөзүнө маек куруп берди» аттуу кабарында Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин «Хабер Түрк» гезитине маек куруп бергенин жазган. Орусиянын борбор калаа Киевден сүрүлгөнүн белгилеген Зеленский, Орусиянын Украинаны басып алуу аракетине салым кошкондордун баарынын согуш кылмышкерлери экенин айтты. Зеленский: «Türkiyeнин толук колдоосуна ишенебиз»,-деди.

«Стар» гезити: «Türkiyeден Буча жана Ирпин билдирүүсү: күнөөлүүлөр жоопко тарталышы керек» аттуу маалыматында Тышкы иштер министрлигинин: «Украинанын борбор шаары Киевге жакын Буча жана Ирпин сыяктуу ар кайсы аймактардан басма сөзгө чагылдырылган кыргындын көрүнүштөрү адамзат үчүн үрөй учурарлык жана кайгыга салуучу. Күнөөсүз жарандарды бутага алуу эч качан кабыл алынбайт, күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керек»,- деп билдиргенин жазган.

«Хүррийет» гезити: «Türkiyeнин Мариуполдон эвакуациялоо формуласы» аттуу кабарында орус оккупациясында талкаланган жана чоң гуманитардык апаатты көздөй бараткан Украинанын Мариуполь шаарынан 80 миң жарандын эвакуацияланышы үчүн Түркиянын формуласы күн тартибинде экенин билдирген. Түркиянын аймактагы эвакуация операциясын Украина да, Орусия да кубаттоодо. Куткаруу операциясынын деңиз аркылуу жүргүзүлөөрү болжолдонууда.

«Сабах» гезити: «АКШ менен карым-катнаштарда жаңы мезгил» аттуу маалыматында Türkiye менен Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) ортосунда экономикалык, аскердик жана саясий темадагы кызматташтыктын жаңы мезгили башталганын жазган. Türkiye-АКШ стратегиялык механизминин алкагында борбор шаар Анкарага келген АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Виктория Нуланд «күчтүү өнөктөштүк» билдирүүсүн берди. Эки өлкөнүн ортосунда 100 миллиард долларлык соода жүргүзүү максатталган.

«Ватан» гезити: «Ата мекендик тик учакта жаңы өнүгүү» аттуу кабарында ата мекендик жана улуттук мүмкүнчүлүктөр менен өндүрүлгөн чабуулчу тик учак АТАКтын чет өлкөгө жеткирилишинде олуттуу өнүгүү болгонун жазган. Коргоо өнөр жайынын башчысы Исмаил Демир Твиттердеги баракчасынан: «Коргоо өнөр жайыбыздын дагы бир сыймыктуу күнү. АТАК тик учактарыбызды чет өлкөдө биринчи жолу Филиппинге жеткирип жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар