Түрк басма сөзү 23.03.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1800275
Түрк басма сөзү 23.03.2022

«Хүррийет» гезити: «Президент Эрдоган дипломатияга басым жасады» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээки билдирүүсүндө Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштан чыгуунун жалгыз жолунун дипломатия экенин баса белгилегенин жазган.

«Хабер түрк» гезити: «Тышкы иштер министри Чавушоглу Ислам дүйнөсүн «бир дене болууга» чакырды» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун, Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин 48-жыйынында сүйлөгөн сөзүндө: «Үммөт катары бир дене болсок алдыбызга чыккан бардык тоскоолдуктарды жеңебиз»,-дегенин билдирген.

«Стар» гезити: «Министр Акар биринчи атууну ишке ашырды: Улуттук торпеда менен түз сокку» аттуу кабарында улуттук мүмкүнчүлүктөр менен өндүрүлгөн AKYA торпедасынын кечээ биринчи жолу TCG Preveze улуттук атуу системасы MÜREN менен чыныгы бутага сокку урганын жазган. Улуттук коргоо министри Хулуси Акар колдонгон ата мекендик система бутаны толук тактык менен атты.

«Сабах» гезити : «Явуз бургулоочу кеме 4-апрелде маанилүү миссияга барат» аттуу малыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, «Явуз» бургулоочу кемесинин 4-апрелде Кара деңизде маанилүү миссиясын баштай турганын айтканын билдирген.

«Йени шафак» гезити: «Түркия эки айда 36 өлкөгө бал экспорттоду» аттуу кабарында Түркиядан 2022-жылдын январь-февраль айларында 36 өлкөгө 7 миллион 131 миң 895 долларга бал сатылганын жазган.



Тектеш кабарлар