Түрк басма сөзү 03.02.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1772783
Түрк басма сөзү 03.02.2022

«Ватан» гезити «Чавушоглу: Ортомчулукка көбүрөөк көңүл буруубуз керек» аттуу маалыматында Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Орусия менен Украинанын ортосундагы чыңалууга байланыштуу Украина жана айланасындагы акыркы абалга каралып жатканда «тоңдурулган кагылышуу» деген сөздүн жаңылыштык экенин белгилеп: «Булар чечүүчү жолдор тоңдурулган  жана макулдашылган чечим жок каалаган убакта жаңжалдарга айланышы мүмкүн болгон чыр-чатактар»,-деп айтканын баяндаган. Чавушоглу ошондуктан ортомчулукка көбүрөөк көңүл бурулушу керектигин белгиледи.

«Йени Шафак» гезити «Армениядан келген биринчи учак Стамбулга конду» аттуу маалыматында Түркия менен Армениянын ортосундагы нормалдашуу процессинин алкагында кечээ Стамбул менен Ереван ортосунда каттамдар башталганын маалымдаган.  FlyOne Airlines авиакомпаниясынын учагы 64 жүргүнчүсү менен Ереван эл аралык Звартноц аэропортунан учуп Стамбул аэропортуна конду. 2020-жылдан бери эки өлкө ортосунда аба каттамдары болгон эмес.

«Хабер түрк» гезити «TURKOVAC вакцинасынын ишенимдүүлүгү илимий жактан далилденди» аттуу кабарында саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа жаңы түрдөгү коронавируска (Ковид-19) каршы иштелип чыккан ата мекендик вакцина Турковактын жаңы сериясы оорукана шаарчаларына жөнөтүлө баштаганын билдиргенин белгилеген.  Турковактын ушул убакка чейин эч кандай олуттуу терс таасири болбогонун белгилеген Кожа: «Ата мекендик вакцинабыздын эффективдүү жана коопсуз экени илимий жактан далилденди. Биздин ар бир жаран эч ойлонбостон өзүбүздүн «TURKOVAC» вакцинасын коопсуз колдоно алат», - деди.

«Сабах» гезити «Түркиянын январь айынын эң жогорку экспорту болду» деген кабарында Түркия экспортто ийгилик тарыхын улантканын маалымдаган. 2021-жылы 225,4 миллиард доллар менен республика тарыхынын эң жогорку чегине жеткен Түркиянын экспорту 2022-жылды да ылдам баштады. Соода министри Мехмет Муш экспорттун январь айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 17 пайызга өсүү менен 17,6 миллиард долларга жеткенин белгилеп: «Бул көрсөткүч бардык мезгилдердин эң жогорку январь айындагы экспорт көрсөткүчү»,-деди.

«Стар» гезити «Бир тууган өлкөлөр менен соодада жаңы рекорд» аттуу маалыматында Өзбекстандын тышкы соода көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 16 пайызга өсүп 42 миллиард 71 миллион 6 миң долларга жеткенин белгилеген. Түркия өткөн жылы 8,1 пайыздык үлүш менен Өзбекстандын 4-соода өнөктөшү болду. 62,1 пайызга өскөн эки өлкөнүн тышкы соода көлөмү ушундайча биринчи жолу 3 миллиард доллардан ашты.

 



Тектеш кабарлар