Түрк басма сөзү 4.11.2021

Бүгүн Түрк басма сөзүндө чыккан маалыматтардан...

1729180
Түрк басма сөзү 4.11.2021

«Ватан» гезити «Париж келишиминин күчүнө кирүү күнү 10-ноябрь деп белгиленди» аттуу маалыматында Расмий гезитте жарыяланган президенттин чечими менен Париж келишиминин күчүнө кирүү мөөнөтү 2021-жылдын 10-ноябры деп белгиленгенин маалымдаган. Президент Режеп Таййип Эрдоган, 21-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында жасаган билдирүүсүндө Түркиянын Париж келишимин ратификациялай турганын жана 2053-жылга карата таза нөлдүк газ эмиссиясы максатынын кабыл алынаарын билдирди.

«Хабер түрк» гезити «THY жылдын 9 айында 6,2 миллиард түрк лирасы (TL) таза киреше алды» деген кабарында Түрк аба жолдору (THY) 2021-жылдын 9 айында 6,2 миллиард лира таза кирешеге жетишкенин белгилеген. 2021-жылдын 9 айында жалпысынан 31 миллион жүргүнчү ташыган THY быйылкы жылдын 7 айында Европада эң көп каттам жасаган авиакомпания, биринчи 9 айда Европада эң көп каттам жасаган экинчи авиакомпания болду.

«Хүррийет» гезити «Автомобиль өнөр жайынан 2,6 миллиард долларлык экспорт» аттуу кабарында Түркиянын унаа өнөр жайынын өткөн айда экспорту 2,6 миллиард доллар болгонун маалымдаган. 2021-жылдын январь-октябрь айларында автомобиль экспорту өткөн жылдын тийиштүү айларына салыштырмалуу 19 пайызга өсүп 23,9 миллиард долларга жетти. Бул процессте айлык орточо экспорту 2,4 миллиард доллар болгон сектор Түркиянын тышкы соодасында кайрадан биринчи орунга чыкты.

«Стар» гезити «Атамекендик унаа долбоору бекем кадамдар менен жолун улантууда» аттуу маалыматында Түркиянын атамекендик унаа өндүрүшүндө максатталганы сыяктуу биринчи унаа 2022-жылдын аягына чейин массалык өндүрүш линиясынан чыгаарын маалымдаган. Түркияда электромобилдердин жүрөгү болгон аккумуляторлордун өндүрүшүндө да олуттуу жылыштар болду. Түркиянын автомобиль ишканалары тобу (TOGG) жана дүйнөлүк гигант FARASİS жакында Гемликке аккумулятор инвестициясын баштайт.

«Йени Шафак» гезити «Коркут Ата түрк дүйнөсү кинофестивалы биринчи жолу Стамбулда өткөрүлөт» деген кабарында «Бейоглу маданият жолу фестивалынын» алкагында өтө турган «Коркут Ата түрк дүйнөсү кино фестивалы» кино көрүүчүлөр менен жолугушууга камынып жатканын маалымдаган.  Фестивалдын таанытуу тасмасын социалдык медиа эсебинен бөлүшкөн Маданият жана туризм министринин орун басары Ахмет Мисбах Демиржан фестивалга 13 өлкөдөн 42 тасма катыша турганын билдирип: «Түрк Республикаларынан 200дөн ашуун продюсер, режиссер жана оюнчу катыша турган чоң жыйын менен кинонун жүрөгү Стамбулда согот»-деп айтты.



Тектеш кабарлар