Түрк басма сөзү 30.09.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1712550
Түрк басма сөзү 30.09.2021

«Йени Шафак» гезити «Эрдоган: Сириядагы тынчтык Түркия менен Орусияга көз каранды» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин жеке жолугушуусунда маанилүү маселелер үстөлдө болгонун маалымдаган. Президент Эрдоган, Сириядагы окуялар талкууланган жолугушуудан мурда билдирүү жасап, «Сирия темасында чогуу таштаган кадамдарыбыз чоң мааниге ээ. Ал чөлкөмдүн тынчтыгы Түркия менен Орусиянын мамилесине да байланыштуу», - деди.

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган New York Times гезитине Түркия эмне үчүн С-400дү сатып алганын түшүндүрдү» аттуу маалыматында президент Эрдоган Американын New York Times (NYT) гезитине маек берип жатып, Түркиянын Орусиядан С-400 абадан коргонуу системаларын сатып алышы НАТО альянсына зыян келтирди деген сынды четке какты. Эрдоган: «Эгерде америкалыктар Патриот ракетадан коргонуу системасын Түркияга сатканда, биз С-400дөрдү сатып алмак эмесбиз»,-деди.

«Ватан» гезити «Түркия менен Украинанын тарыхый келишими» деген кабарында Украинанын Коргоо министрлиги менен «Байкар» компаниясынын ортосунда биргелешкен учкучсуз учуучу аппаратты тейлөө жана окутуу борборун куруу боюнча протоколго кол коюлганын маалымдаган. Келишимге ылайык, «Байкар» Украина армиясына таандык Васильков аймагында учкучсуз учуучу аппаратын тейлөө, модернизациялоо жана окутуу борборун курат. Украинанын Куралдуу күчтөрү Түркиядан 7 TB2 учкучсуз учуучу аппаратын сатып алган.

«Сабах» гезити «Түркия жаңылануучу энергия боюнча дүйнөдө 12 -орунда, Европада 5 -орунда» деп жазып, энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмездин Түркиянын учурдагы кайра жаралуучу энергия орнотулган кубаттуулугу менен дүйнөдө 12 -орунда, Европада 5 -орунда турганын айтканын маалымдаган. Дөнмез: «Күн жана шамал энергиясында да пионер жана үлгүлүү өлкө болорубузга ишенебиз. Бул ишенимдин эң маанилүү көрсөткүчү катары биз күн жана шамал энергиясына болгон инвестицияларыбызды эң жогорку деңгээлге көтөрдүк»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Француз фирмалары Түркияга инвестицияларын көбөйтөт» деп берген маалыматында Франциянын тышкы соода жана инвестиция министри Франк Ристер Түркия менен Франциянын ортосундагы эки тараптуу соода абдан маанилүү экенин айтканын жазган. Риестер: «Өткөн жылы биз 14 миллиард евролук өз ара соодабызды ишке ашырдык. Акыркы айларда өз ара соода ылдамдаганын көрүп турабыз. Андыктан быйыл 16 миллиард еврого жетүү алдында турабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар