Түрк басма сөзү 24.09.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1709946
Түрк басма сөзү 24.09.2021

«Сабах» гезити «Эрдогандан S-400 жана F-35 билдирүүсү: Керек болсо башка жерден алабыз» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын АКШдан өлкөгө кайтып келе жатканда учакта журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, С-400 жана Ф-35 тууралуу так билдирүүлөрдү айтканын жазган. АКШнын С-400дөрдү шылтоо кылып Ф-35терди бербей жатышы жана таңуулоосунун кабыл алынгыс экенин белгилеген Эрдоган: «Биз үчүн С-400 иши бүттү. Бул жерден артка кадам ташташыбыз да мүмкүн эмес. (F-35ти) Керек болсо башка жерден сатып алабыз жана өндүрө баштайбыз»,-деди.

«Йени шафак» гезити «TURKOVACтан жакшы кабар» аттуу маалыматында коронавируска каршы иштелип чыккан атамекендик инактивдүү TURKOVAC вакцинасынын 3-фаза сыноолорунун аяктап калганын билдирген. Болжол менен 1500 ыктыярчыга сыналган вакцинада эч кандай терс таасирлер байкалган жок.  

«Ватан» гезити «Түркия расмий түрдө ишке ашырды! Дүйнөдө аз сандагы өлкөлөр муну жасашат» деген кабарында Коргоо технологиялары инженериясы жана Соода аукционердик компаниясы Түркияда биринчи жолу суу астында жүрүүчү кемелердин торпеда түтүктөрүн чыгарып, Гөлжүк кеме куруу командирлигине тапшырганын билдирген. Ишкананын директору Эдип Дениз: «Түркияда толугу менен компаниянын координациясында жана инженериясында локалдаштырылды. Дүйнөдө муну жасай ала турган өтө аз сандагы өлкөлөр бар жана биз бул долбоордо маанилүү чектен өттүк»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Саякат чектөөлөрүнөн кийин биринчи британиялык туристтик топ локум таттуусу менен тосулуп алынды» деген маалыматында Британиянын транспорт министри Хон Грант Шаппстын 22-сентябрдан тарта Түркияны кызыл тизмеден чыгарып, саякат кылынса боло турган өлкөлөрдүн тизмесине киргизгенин жарыялагандан кийин Мугланын Даламан районуна келген 129 кишиден турган биринчи британиялык туристтик топтун аэропортто локум таттуусу менен тосулуп алынганын жазган.

«Стар» гезити «Түрк аба жолдорунан чоң кызматташтык» аттуу кабарында Түрк аба жолдору (THY) менен Финляндиянын Finnair компаниясынын ортосунда биргелеше учуу келишимине кол коюлганын билдирген. Код бөлүшүү келишими менен бекемделген өнөктөштүктүн негизинде Түрк аба жолдору менен Finnair биринчи кезекте баштала турган Стамбул-Хельсинки каттамына өз коддорун кошо алышат.



Тектеш кабарлар