Түрк басма сөзү 05.07.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1669799
Түрк басма сөзү 05.07.2021

 

«Хабер Түрк» гезити «Чектөөсүз дем алыш күндөрү» аттуу маалыматында коронавирустун (Ковид-19) жаңы иш-чараларынын алкагында акырындык менен нормалдаштыруу чечимдеринин алкагында коменданттык саат киргизилбеген Стамбулдагы жарандар биринчи жекшемби күнү деңиздин жээгинде жана парктарда убакыт өткөрүшкөнүн маалымдаган. Ушундай эле көрүнүштөр Түркиянын ар бир шаарында катталган. Жарандар эс алуу жайларына, айрыкча деңиздин жээгине агылды.

«Хүррийет» гезити «Проф. Д-р. Угур Шахин: Түркия 3-4 айда нормалдашат» аттуу маалыматында BioNTechтин негиздөөчүлөрү, проф. Д-р. Угур Шахин жана Д-р. Өзлем Түрежи Сабанжы университетинин бүтүрүү кечесине онлайн ыкмасы менен катышып жатканда жакшы жаңылыктар болгонун жазган. Шахин: «Вакцинация эпидемияны көзөмөлдөөгө жардам берет. Бул 3-4 айда Түркияда болушу мүмкүн. Муну менен инфекцияны көзөмөлдөп, ооруканага жаткырууну азайта алабыз», - деди.

«Стар» гезити «Татар: Түркиянын колдоосу менен ушул жерге жеттик» деген кабарында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Президенти Эрсин Татардын,  «Кипрде чоң окуялар болуп өттү, чоң геноцид болду, бирок биз Түркиянын колдоосу менен ушул деңгээлге жеттик»,-деп айтканын баяндаган. Татар: «Бизде бир мамлекет бар, бир Республикабыз бар» деген сөздү колдонуп, Түркия менен кемчиликсиз бир гармонияда улуттук ишин коргоп жатышкандыгын айтты.

«Йени шафак» гезити «Француздар Түркияны өрнөк кылышты» аттуу маалыматында Француз Сенатынын Коргоо комитети француз армиясын учкучсуз учуучу аппараттардын согушуна даярданууга чакырган доклад даярдаганын маалымдаган. Анда Карабахта, Ливияда жана Сирияда түрк куралдуу учкучсуз учактарынын (КУУА / SİHA) колдонулганы айтылган. Түркиянын учкучсуз учуучу аппараттарды (КУУА / SİHAларды) кеңири масштабдуу өндүрүүнү жана экспорттоону баштаганы белгиленди.

«Сабах» гезити «Борел, АКШга жана Европага сатылат» деген маалыматында Бордун дүйнөдөгү эң бай запасына ээ болгон Түркия экономикага ушул баалуулукту киргизгенин маалымдаган. Borel колду тазалоочу каражат Америка Кошмо Штаттарына (АКШ), Люксембургга жана Финляндияга экспорттолсо, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү тарабынан суроо-талап чоң болгон. Германия, Англия, Франция жана Нидерландия да экспорт максатталган базарлары катары аныкталды.



Тектеш кабарлар