Түрк басма сөзү 30.11.2020

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1536686
Түрк басма сөзү 30.11.2020

«Стар» гезити «Эрдогандын Кудс менен Палестинаны дүйнөгө билдирүүсү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркия бардык аянтчаларда Кудс маселесин коргоп келгенин, Палестинадагы бир туугандарыбызга карай баскынчылык,  куугунтуктоо жана геноцид саясаттарынын токтотулушу үчүн болгон күчүбүз менен аракет кылып жатабыз дегенин баяндаган. Эрдоган: «БУУнун чечимдери жана Араб Тынчтык Демилгесинин негизинде  1967-жылдагы чек аралар менен борбору Чыгыш Кудс болгон, көзкарандысыз, чектеш жана эгемен Палестина мамлекети негизделгенге дейре биз күрөштү чечкиндүүлүк менен улантабыз»,-деди.

 «Ватан» гезити  «Түркиянын атамекендик вакцинасы, Бионтех жана Модерна менен бирдей» деген кабарында Түркияда негизделген генетикалык технологияны колдонуп, Селчук университетинин Медициналык генетика бөлүмүндө РНК (m RNA) коронавирус вакцинасы иштелип чыкканын маалымдаган. Июнь айында башталган эмдөө иштери жаныбарларга сыноо баскычына чыкты. BioNTech жана Moderna компаниялары иштеп чыккан вакцина сыяктуу мүнөздөмөлөргө ээ болгон атамекендик вакцина жай мезгилинде адамдардын колдонуусу үчүн сунушталат.

«Хабер түрк» гезити «1915-жылдагы Чанаккале көпүрөсүнүн бийиктиги Эйфел мунарасынан ашып кетти» деген кабарында Чанаккаленин  Европа жана Азия тараптарын туташтыра турган 1915-жыл  Чанаккале көпүрөсүнүн бийиктиги Франциянын борбору Париждин символу болгон 300 метрлик Эйфел мунарасынан өткөнүн баяндаган. Дүйнөдөгү эң чоң орто асма көпүрөгө айланган көпүрөнүн бийиктиги 318 метрге жетти.

«Хүррийет» гезити  «Биржа Стамбулда жаңы рекорддор күтүлүүдө» деген маалыматында BIST 100 индекси президент Режеп Таййип Эрдогандын "Экономикада жаңы доор" билдирүүлөрү менен ноябрь айында 4 жума катары менен жогорулоого өткөнүн маалымдаган. Өткөн жумада байкалган эң жогорку деңгээлдеги рекордду бир нече жолу жаңырткан BIST 100 индекси тарыхтагы эң жогорку деңгээлди 1351,65 баллга жетти. Адистер BIST 100 индексиндеги оптимизм жогорулайт деп ишенишет.

«Йени шафак» гезити «Дирилиш Эртугрул сериясы мусулмандардын элестетүүсүн жандандырды» аттуу маалыматында «Дирилиш Эртугрул» сериалынын дүйнөлүк каналдарга тийгизген таасири талкууланганын жазган. 72 өлкөдө көрсөтүлгөн  Түркия радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) ийгиликтүү сериалы  Палестинадан Пакистанга, Азиядан Африкага чейинки көптөгөн аймактарда адамдардын күнүмдүк жашоосуна кире алышты. Middle East Eye веб-сайтындагы макаласында сериал бүткүл дүйнө жүзүндөгү мусулмандардын элестетүүсүн жандандырганы жазылган.



Тектеш кабарлар