Түрк басма сөзү-15.05.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1201710
Түрк басма сөзү-15.05.2019

«Сабах» гезити «Министр Чавушоглунан Сирия тууралуу билдирүү» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Сирияда режимдин кол салууларынын Сочи меморандумун бузганын белгилеп өткөнүн баяндаган. Чавушоглу кечээ Твиттер барагынан бөлүшкөн маалыматында Сириянын сүйлөшүү делегациясынын төрагасы Наср эл-Харири менен бирге түшкөн фотосүрөттү колдонуп: «Режимдин кол салуулары Сочи меморандумунун ачык эле бузулушу болуп саналат жана Астана рухуна терс түшөт. Конституция комитети темасында келишимге жакынбыз»,-деп айтты.

«Ватан» гезити «Түрк агымында алгачкы газ өткөрүү 31-декбарда болот» деген маалыматында Орусиянын энергетика фирмасы Газпромдун башкаруу кеңешинин төрага орун басары Виталий Маркеловдун «Түрк агымы» куур багыты долбоорунда алгачкы газдын 31-декабрда өткөрүлүшүнүн пландалганын жарыялаганын жазган. Орусиянын газын Түркия жана Европага ташый турган «Түрк агымы» жаратылыш газ куур багыты ар бири жылына 15,75 миллиард куб метрдик көлөмү болгон эки түтүк жолунан турат.

«Хүррийет» гезити «Чоң өсүү көрүнүүдө» деген маалыматында Түркиянын саякат агенттиктери биримдигинин (TÜRSAB) жетекчиси Фируз Баглыкаянын Мугланын Бодрум районунун дүйнөдө таанылган туризм борборлорунан бири болгонун белгилеп, чет элдик турист санында өсүүнү күткөндөрүн белгилеп өткөнүн жазган. Баглыкая 2019-жылдын алгачкы үч айлык мезгилинде мурдагы жылдарга салыштырмалуу олуттуу өсүүгө жетишкендерин айтты.

«Йени шафак» гезити «Түркия гидро-электр жаатында дүйнөлүк тизмелөөдө жогорулоодо» аттуу маалыматында Түркиянын өткөн жылы 1085 мегаваттык жаңы гидроэлектр энергиясы көлөмүнө жетип дүйнөлүк тизмелөөдө 4-орунга жогорулаганын маалымдаган. Өткөн жылы 48 өлкө бардыгы 21800 мега ваттык жаңы гидроэлектрдик энергия көлөмүн түздү.

«Хабер түрк» гезити «Женнифер Лопес Анальяда концерт берет» деген маалыматында Латын музыкасынын дүйнөгө таанымал ысымы Женнифер Лопесдин 6-августта Антальянын Серик районунда концерт берээрин маалымдаган. Лопес, концертте үстүбүздөгү жылдын жаңы сингли «Medicine» жана арасында «On The Floor», «Aint It Funny», «Love Don't Cost a Thing» да орун алган бардык атактуу ырларын ырдайт.



Тектеш кабарлар