Түрк басма сөзү 30.04.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

961093
Түрк басма сөзү 30.04.2018

 

«Сабах» гезити «Эрдоган Өзбекстанда» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган расмий сапар менен Өзбекстандын борбор шаары Ташкентке барганын билдирген. 29-апрелден 1-майга чейин улана турган сапардын алкагындагы жолугушуларда Өзбекстан менен карым-катнаштардын дагы да бекемделүүсү үчүн таштала турган кадамдар каралат жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашылат.

«Ватан» гезити «Түркия менен Украинанын аскерлери учак чыгарат» деген маалыматында Антальяда өткөрүлгөн Евразия Эйршоу жарманкесинде Ан-188 үлгүсүндөгү аскердик учактын долбоору көңүлдөрдү бурганын билдирген. 2016-жылы башталган долбоордун таанылышы чоң кызыгуу жаратты. Долбоордун алкагында Түркия менен Украина биргелеше иш алып барат. Украинанын учак чыгаруучу мамлекеттик ишканасы Антоновдун фейсбуктагы билдирүүсүндө, жаңы учактын долбоору боюнча иш-аракеттер жүрүп жатканы белгиленди.

«Ватан» гезити «Рокетсандан жаңы ракета: TRG-122» аттуу маалыматында Ракета өнөр жайы жана соода өнөктөштүгү (Рокетсан), жергиликтүү жана улуттук курал инвентарына дагы бир жаңысын кошуп жатканын билдирген. 3-40 километр аралыкка учуучу күчтүү TRG-122 дүрмөттөлгөн ракетанын квалификация сыноолору аяктады. Эми кезекте Кургактык күчтөрү командирлигине караштуу бөлүктөрдө өтө турган сыноо атуулары бар.

«Хабер түрк» гезити «Анталья 1 миллион турист чегин ашты» деген маалыматында Түркиянын туризм борбору Анталья, 1 миллион турист чегин 26-апрелден тарта ашканын билдирген. Шаарда 27-апрелден тарта 2017-жылга салыштырмалуу 41 пайыздык өсүү болду.

«Йени шафак» гезити «Евразия Эйршоу Түрк жылдыздарынын программасы менен аяктады» аттуу маалыматында Президенттиктин карамагында жана Анталья аэропортунун тышкы каттамдар терминалында 25-апрелде уюштурулган иш-чара чоң кызыгуу жаратканын билдирген. Акыркы эки күнүндөгү прогрммалары элге тартууланган Евразия Эйршоу жарманкеси, Түрк аба күчтөрүнүн акробатикалык десанты Түрк жылдыздарынын шоу көрсөтүүсү менен аяктады.



Тектеш кабарлар