Түрк басма сөзү-27.07.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

779015
Түрк басма сөзү-27.07.2017

“Стар” гезити “Акса биздин намысыбыз” аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган Акса мечитинин тынчтыгынын корголушунун бүтүндөй Ислам дүйнөсүнүн милдети болгонун айтканын жазган. Эрдоган: “Израилдин мусулмандарды кыжырданткан металл аныктоочу детектор ишке ашыруусунан баш тартышы чыңалуунун басаңдатылышы жагынан туура кадам болду. Бирок жетиштүүбү? Жок. Жума намазына келгендерге каалгалардын жабылышына чыдап тура албайбыз. Тель-Авив башкаруучулугу Иерусалимдин исламий мүнөзүн бузууга аракеттенүүдө. Иерусалим болсо мусулман өздүгүн коргоого аракет кылууда. Израиль тынчтыкта жанаша жашагысы келсе аймакты ок атышууларга айланта турган саясаттардан алыс турушу зарыл”,-деди.

“Хабер түрк” гезити “Перс булуңунан келген инвестициялар 5 эсе көбөйдү” деген маалыматында экономика министрлигинин көрсөткүчтөрүнө караганда үстүбүздөгү жылдын алгачкы 5 айында Түркияга чет өлкөдөн жасалган түздөн-түз инвестициянын өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырылганда 65 пайыздык өсүү менен 3,6 миллиард долларга жеткенин маалымдаган.

“Ватан” гезити “Түрк коргоо өнөр жайы фирмалары жогорулап баратат” деген маалыматында АСЕЛСАН, ТУСАШ жана РОКЕТСАН дүйнөнн эң ири 100 корго өнөр жайы фирмаларынын арасына киргенин жазган. АКШнын борбордук аскердик берүү мекемеси “Defense News» журналы тарабынан жыл сайын андан мурдагы жылдын коргоо өнөр жай сатуулары эске алынып жарыяланган дүйнөнүн эң престиждүү коргоо өнөр жайы тизмеси катары кабыл алынган “Defense News Тор 100” жарыяланды. Тизмеде түрк фирмаларынын саны быйыл 3кө жетти.

“Сабах” гезити “Индияга чартердик каттамдар башталат” деген маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын 30-апрелде Индияга жасаган сапары жемиштерин бере баштаганын жазган. Түрк-Индия туризм кеңешинин демилгелери менен 2018-жылы эки өлкөнүн ортосунда чартердик сапарлардын башталуусуна чечим чыгарылды.

“Йени шафак” гезити “Евразия туннелине жашыл сертификат” деген маалыматында Евразия туннелинин иштетүү жана кароо имараты Американын жашыл имараттар кеңешинин берген LEED (Leadership in Energy and Environmental Design) алтын сертификат сыйлыгын алууга татыктуу болгонун маалымдаган.



Тектеш кабарлар