Түрк басма сөзү-14.02.2017

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

672252
Түрк басма сөзү-14.02.2017

«Сабах» гезити «Президент Эрдоган Бахрейнден Ислам дүйнөсүнө кайрылды; зулумдукка жана террорго каршы биримдиктин убагы» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Булуң өлкөлөрүнө сапарынын биринчи аялдамасы Бахрейндеги сөз сүйлөөсүндө эч кимдин Ислам менен террорду жанаштырып карабашы керектигин белгилеп, дүйнөдөгү мусулмандардын террор уюмдарынын айынан жамандалганын айтканын жазган. Сөзүндө Ислам дүйнөсүнө олуттуу эскертүүлөрдү кылган президент Эрдоган: «Биздин тагдырыбыз жана кайгыбыз, өтмүшүбүз жана келечегибиз бир. Эми куру сөздөр, ооз көптүрүүлөр менен өтүп кете албай тургандай процесстебиз. Бирдиктүү болуп иш-аракет кылуунун убагы келди. Террор менен күрөшүүдө милдетибизди «Евфрат калканы» кыймылы менен аткаруудабыз»,-деп айтты.

«Стар» гезити «Түркия ылайыктуу инвестиция борбору болуу жолунда» деген маалыматында Лондон биржасы башкы демөөрчүлүгүн милдеттенген Дүйнөлүк периштедей инвестиция форуму Стамбулда башталганын маалымдаган. Ар кайсы өлкөлөрдөн 100дөн ашуун  сөз сүйлөөчү орун алган форумда 21-кылымдын глобалдык периштедей инвестиция саясаттары формаланат. «Азырынча жолдун башындагы иш мүмкүнчүлүктөрүн капитал менен камсыздаган инвестор» катары аныкталган «периште инвесторлор» дүйнөдө 50 миллиард доллардык иш көлөмүн жаратууда. Форумдун ачылышында сөз сүйлөгөн Дүйнөлүк периште инвесторлор форумунун төрагасы Байбарс Алтунташ: «Өткөн жылы 320 миң периште инвестор Европада 6,7 миллиард евро, Америкада болсо 26 миллиард доллардык инвестиция салды»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Чайкур Мароккого чай экспорттой баштайт» аттуу маалыматында чай иштетүүлөрү башкы директорлугу (ÇAYKUR), Марокконун чай базарына кириш үчүн экспорт келишимдерине кол койгонун жазган. Чайкурдун башкы директору Имдат Сүтлүоглу жазуу түрүндөгү жарыясында, «Түзүлгөн келишим менен эң оболу муздак чайыбызды марокколуктарга тартуулайбыз. Марокко менен түзүлгөн келишим абдан маанилүү. Марокко, Түндүк Африкада орун алган жана өсүү көрсөткүчү жогору өлкө. Жакында эле Кот-д'Ивуар, Габон жана Камерунда келишимдерди түзгөнбүз. Бул базар биз үчүн абдан маанилүү»,-деп айтты.

«Йени шафак» гезити «Кичи танка Анкебот гарнизонго жөнөтүлөт» деген маалыматында Коньяда бир фирма тарабынан жасалып чыккан адамсыз жүрүүчү кургактык унаасы Анкебот, үстүндөгү камера жана куралы менен террор менен күрөшүүдө колдонулаарын маалымдаган. Алыстан башкарылуучу кичи танка; байкоо салуу, бомбаны зыянсыздаштыруу жана өрт өчүрүү, жаралууларды ташуу сыяктуу функцияларды аткарат.

«Хүррийет» гезити «Император үчүн доо коюлду» аттуу маалыматында Измитте Никомедиа байыркы шаарындагы казууларда табылган Рим дооруна таандык «Император жана Нике» аттуу мраморго чегилген панель 2009-жылы Кожаели археологиялык музейинен уурдалып кеткенин жана 2012-жылы байкалганын маалымдаган. Түркия уурулук окуясын интерполго билдирди. Бул чыгармалардан бири Германиядагы аукциондо көрүндү. 32 миң евролук баа бычылган Рим дооруна таандык түстүү мраморго чегилген панель үчүн Маданият жана туризм министрлиги доо койду.



Тектеш кабарлар