Түрк басма сөзү 12.01.2022
Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.
«Хабер түрк» гезити: «Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: Казакстандын жанындабыз» аттуу кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун кечээки билдирүүсүндө: «Биз бардык мүмкүнчүлүктөр менен Казакстандын жанындабыз, бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү жумшоого даярбыз»,-дегенин жазган.
«Хүрриет гезити : «Министр Акар: 22 террорист жок кылынды! ПКК/ЙПГ буталарына сокку урууну улантабыз» аттуу маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын, Шанлыурфа Акчакаледе 3 аскер шейит болгон террордук кол салууга байланыштуу: «ПКК/ЙПГ буталарына күчтүү сокку урдук, мындан ары да соккуларды улантабыз. Ушул убакка чейин 22 террорист таасирсиз кылынды. Жазалоо операцияларыбыз үзгүлтүксүз уланууда», - дегенин билдирген.
«Сабах» гезити: «Түркали-1 кудугундагы агым сыноосу ийгиликтүү болду» аттуу кабарында Түрк мунайзаттар корпорациясы (TPAO) Сакария газ кениндеги Түркали-1 аныктоо кудугунда биринчи резервуар деңгээлинде газ агымынын сыноосун ийгиликтүү аяктаганын жазган.
«Стар» гезити «Германияга рекорддук экспорт» аттуу маалыматында Түркиянын өткөн жылы эң көп экспортту Германияга жасаганын билдирген. Түркиянын 2021-жылы Германияга экспорту жылдык 22,9 пайызга өсүп 17 миллиард 705,4 миллион долларга жетти.
«Йени шафак» гезити: «Түркиядан беш өлкөгө каттамдар жанданды» аттуу кабарында Жарандык авиациянын башкы башкармалыгы (SHGM) тарабынан коронавирус чараларынын алкагында токтотулган Түштүк Африка, Ботсвана, Мозамбик, Намибия жана Зимбабвеге каттамдар кечээ кайрадан башталганын билдирген.