Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
630-жылдын 11-январында Мухаммед Пайгамбарыбыздын жетекчилигиндеги Ислам армиясы, Меккени каратып алды. Бутпарас бийликтин колунан алынган Меккеде жалпы мунапыс жарыяланды. Азирети Мухаммед каратылган кийин зыярат кылган Каабаны да бутпарастардан тазалады.
1962-жылдын 11-январында Перу табигый кырсыктардан жабыркады. Өлкөнүн эң бийик тоосу болгон "Невада Уаскаран" вулканы жанданды. Вулкандык атылуу жана ушул эле күнү болгон жер көчкүлөрдөн миңдеген адам каза тапты.
1984-жылдын 11-январында дүйнөгө таанымал эстрада ырчысы Майкл Жексон «Триллер» альбому менен 8 Грэмми сыйлыгына ээ болду.
2014-жылдын 11-январында 1982-жылы палестиналык качкындар жашаган Сабра жана Шатилла лагерлериндеги кыргындарды көрмөксөнгө салган Израилдин мурунку премьер-министрлеринен Ариэль Шарон 8 жыл комада жаткандан кийин көз жумду. Палестинанын жерлерин экиге бөлгөн дубалды ойлоп тапкан Шарон, 2000-жылы Гарем-Шарифке жасаган сапарында 2- Интифаданын башталуусуна да себеп болгон эле.