Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 537 - жылы 27 - декабрда 532 – жылы чыккан көтөрүлүштө өрттөнгөн София чиркөөсүнүн мунарасынын кайрадан курулуп бүттү жана Византия императору 1 - Юстиниан катышкан азем менен София чиркөөсү кайрадан ыбадатка ачылды.
*** 1919 - жылы 27 - декабрь күнү Мустафа Кемал Паша жана Сиваста шайланган өкүлдөр делегациясы Анкарага келди. Мустафа Кемал Паша Дикмен жакындарында анкаралыктар тарабынан кубанычтуу бир азем менен тосуп алынды.
*** 1936 - жылы 27 - декабрда болсо Түркия республиксынын улуттук гимни «Истиклал маршынын» акыны Мхмет Акиф Эрсой Стамбулда дүйнөдөн кайтты.
*** 1945 - жылы 27 - декабрь күнү Эл аралык Акча Фонду ИМФ 29 мүчө өлкөнүн катышуусу менен курулду.
*** 1975 - жылы 27 - декабрда Индиянын Бихар деген жеринде шахтада болгон жарылууда 372 киши каза болду.
*** 2007 - жылы 27 - декабрь күнү Пакистандын мурунку премьер - министри Биназир Бутто шайлоо үчүн барган Равалпинди шаарында жасалган кол салууда каза болду.
*** 2008 - жылы 27 - декабрда болсо Израиль армиясы Газа тилкесине бомба жаадырды. Газа шаары жана жакындарында 230 палестиндик каза болду.