Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 354 жылдан бери жарыяланган «The London» гезити биринчи жолу1665 - жылы 7 - ноябрь күнү жарыяланды.
*** 1867 - жылы 7 - ноябрь күнү болсо радийди тапкан, 2 жолу Нобель сыйлыгын алган Мари Кюри Польшада төрөлдү.
*** 1913 - жылы 7 - ноябрда «Чума», «Баш көтөргөн адам», «Бактылуу өлүм» аттуу чыгармалардын жазуучусу Нобель сыйлыгынын ээси француз жазуучу Альберт Камус Алжирде төрөлдү.
*** 1917 - жылы 7 - ноябрь күнү Орусияда февраль айында падышачылык башкаруунун акырына чыгышы менен Лениндин жол башчылыгындагы большевиктер Петроградда текшерүүнү колго алды жана тарыхка «Октябрь төңкөрүшү» деп өткөн мезгил башталды.
*** 1918 - жылы 7 - ноябрда грип эпидемиясы Тынч океандагы Батыш Самоа аралында массалык өлүмдөргө жол ачты. Эпидемия жылдын акырына чейин калктын санынын 20 пайызын түзгөн 7 миң 500 кишиден ашуун кишинин өлүмүнө себеп болду.
*** 1921 - жылы 7 - ноябрь күнү Италияда Бенито Муссолининин лидерлигинде Улуттук фашист партиясы курулду.
*** 1982 - жылы 7 - ноябрда 12 - сентябрь башкаруусу тарабынан даярдалган конституция үчүн Түркияда элдик добуш берилди. Референдумдун акырында жаңы конституция 91, 37 пайыз добуш менен кабыл алынды.12 - Сентябрдан кийин Кенан Эврен да президент болуп шайланды.
*** 1996 - жылы 7 - ноябрда Нигерия аба жолдоруна таандык жүргүнчү учагы Лагос жакындарында кырсыкка учурап 142 киши каза тапты.