Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
**1854-жылдын 9-октябрында Крым согушунда Осмон империясы жана шериктештеринин Севастополь курчоосу башталды.
**1944-жылы 9-октябрда Түркиянын куруучусу Мустафа Кемал Ататүрктүн түбөлүк жайы боло турган Аныткабирдин пайдубалы салтанаттуу азем менен түптөлдү.
**1944-жылдын 9-октябрында Англия, Кытай, АКШ жана Советтер Союзу Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлө турганын жарыялады.
**1963-жылдын 9-октябрында Италиянын түндүгүндөгү суу каптоодон 2 миңден ашуун киши каза тапты.
**2004-жылы 9-октябрда Түрк авиация мекемеси тарабынан Эскишехирде уюштурулган асмандагы оюндарында 433,5 чарчы метрдик желек менен секирген Түрк авиация мекемесинин парашютчусу Хакан Зенгин «Гиннес рекорддор» китебине кирди.
**2016-жылдын 9-октябрында Хаккариде ПКК террористтери тарабынан бомба жүктөлгөн унаа менен кол салуу болуп 10 аскер шейит болду, 8 жаран көз жумду.
**2017-жылдын 9-октябрында футбол боюнча Европанын ампутанттар арасындагы чемпионатында Англияны 2-1 эсебинде уткан Түркиянын майып-ампутант улуттук футбол курама командасы чемпион болду.