Күн сайын иреттүү басамын

Анткени - 9.2024

2108802
Күн сайын иреттүү басамын

Урматтуу окурмандар, бүгүнкү чыгарылышыбызда  ден соолугубуз менен байланыштуу сөз кылабыз. Сөзүбүздү : «Күн сайын иреттүү түрдө басып жүрөм, анткени” деп баштайбыз.

Денебиздеги системалар өз ичинде жана бири биринин арасында шайкештик ичинде иштейт. Ден соолук бул шайкештиктин аныктамасы. Функциянын бузулушу  ооруларды пайда кылат. Азыркы күндө медицина дүйнөсү ооруларды дарылоо методдорунда болгондой оорулар пайда боло электе алдына алууга көңүл бурушууда. Бул максатта адамдардын физикалык активдүүлүгүн, тамактануусун жана уйку режимин эффективдүү кыла турган сунуштарды иштеп чыгат.  Үзгүлтүксүз басуу - бүт денени чыңдоочу аракеттердин бири.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму  жаш курагына карабастан ар бир адамга жумасына эки жарым сааттан кем эмес басууну сунуштайт. Уюмдун айтымында, күнүнө жарым саат жөө басуу менен жумасына үч жарым саатты толуктоо керек. Анткени жөө басуу өзгөчө жүрөктүн иштеши үчүн негизги ролду ойнойт. Жөө басуу кан айланууну жөнгө салуу менен зат алмашууну тездетип, ашыкча салмак кошууну алдын алуунун эң таасирдүү ыкмасы катары каралууда.  Жөө басуу менен үзгүлтүксүз иштеген денебиздин иммунитетинин жогорулагандыгын изилдөөлөр  ортого салды.

Иреттүү басуунун бир гана денебизге эле эмес, рухубузга да пайдалуу экендигин белгилөө керек. Жөө басуу учурунда бөлүнүп чыккан эндорфин гормону бактылуулугубузду жогорулатып, стрессти азайтат. Жөө басуу менен иртеке салынган системаларыбыз сапаттуу уктоого шарт түзөт. Эс алган дене, акыл менен күндү баштоо, да өзүбүздү жакшы сезүү мүмкүнчүлүгүн берет. Жакын досторубуз менен же үй  - бүлө мүчөлөрү менен бирдикте басуу социалдык байланыштарыбызды бекемдөөбүзгө жардам берет.

Азыркы күндө мобилдик телефон жана акылдуу сааттар күнүмдүк жөө басуу убактыбызды же кадамдарыбыздын санын эсептейт.



Тектеш кабарлар