Бурдурдун Ибежик кездемеси

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-4

2092265
Бурдурдун Ибежик кездемеси

Бурдурдун Ибежик кездемеси

Катталган күнү: 07.08.2023

Түркиянын Жер Ортолук деңиз аймагындагы Бурдур облусунун Гөлхисар районуна караштуу Ибежик айылы өзгөчө өндүрүш ыкмасы менен токулган текстилдик өнүмгө атын берген. Гөлхисар райондук муниципалитетинин кайрылуусу менен 2023-жылы Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнүн катарына кирген «Ибежик кездемеси», көбүнчө жаңгак жыгачынан жасалган колго токуу станокторунда 100 пайыз пахта жип менен өндүрүлөт. Айылда жашаган аялдар тарабынан атайын токуу ыкмасы колдонулуп өндүрүлгөн жана өтө жука түзүлүшү менен көңүлдөрдү бурган Ибежик кездемесинин чийки заты пахта болгондуктан табигый каймак түскө ээ. Токууда кебез жип колдонулса да, айрым буюмдарда жүн жана жибек да колдонулат. Ар түрдүү ыкмаларды камтыган жана негизинен геометриялык фигуралардагы көптөгөн мотивдер орун алган Ибежик кездемесинин токуусу фонго ак же түстүү оюм өрүмдөрү менен оймо-чийме түшүрүлүп токулат. Мотивдер үчүн фонго караганда ичке жип колдонулат жана бул жип 12 жолу оролуп жоонойот. Жай айларында күндүн ысык аптабында талаада жана бакчада иштөөгө аргасыз болгон айылдарда жашаган аялдар менен эркектер тарабынан көптөгөн жылдар бою оромол катары колдонулган бул өнүм ошол эле учурда үстөл жана кофе үстөлүнүн жапкычтарында, дасторкон майлыктарында, «Пешкир» деп аталган ашкана майлыктарында, аялдар үчүн шарф жана үй текстиль буюмдарында колдонулат.



Тектеш кабарлар