Апталык анализ - 3.2024

Жазаландыруу операциялары жана ПККнын  булганган мунай желеси.

2091223
Апталык анализ  - 3.2024

    

 ПКК террордук уюмдун Ирактын түндүгүндөгү тоолуу аянттарда түрк армиясына карата ишке ашырган террордук кол салууларынан кийин түрк аба күчтөрү жана Улуттук Чалгындоо Уюмуна караштуу куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар Ирак жана Сирияда  абадан бомбалоолор менен Жазаландыруу операциясын аткарды. Түркия жаңы доктрина катары террордук уюм тарабынан жасалган кол салуулардан кийин Ирак жана Сирияда кеңири абадан операцияларды жүргүзүүдө. Ушул алкакта уюмдун өзгөчө Сириядагы энергетика инфраструктурасы жана өндүрүш объектилеринин бутага алынышы ПККнын Сириядагы мунай жана жаратылыш газындагы үстөмдүгүнө дагы бир жолу көңүл бурду.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

Террордук уюм ПКК кыш айларында жалпысынан кыш базасы деп аталган бир операция менен артка чегинет жана бул мезгилде өзүн коргоого көңүл буруп, машыгуу жана идеологиялык аракеттерди ишке ашыруу үчүн колдончу. Бирок акыркы мезгилдерде  өзгөчө Ирактын түндүгүндөгү тоолуу аянттарда түрк куралдуу күчтөрүнө каршы бири  - биринин артынан кол салууларды жасады. Бул жерде аба шарттары түзгөн мүмкүнчүлүктөр алдыга чыгып, уюмдун  жеңилүү психологиясынан кутулуу жана өзүнүн базасына жашап жатам деген билдрүүнү берүү үчүн «жан кечтилик» кол салууларын ишке ашыргандыгын ойлонууга болот. Акырында  уюм бул кол салууларда олуттуу жоготууларга да учурады. Бирок бул жерде эл аралык коньюнктура жана Израилди Газадагы кол салууларынан улам пайда болгон жаңы аймактык күч күрөшүн да эсепке алуу, уюмдун өзүнө колдоо көрсөткөн күчтөргө карата пайдалуу экендигин көрсөтүү тынчсыздануусу менен бул күч борборлорунун Түркиянын энергиясын кайрадан террор менен каржалуусуна карата изденүүлөрүнүн да таасиринин бар экендигин унутпоо керек. Натыйжада бул кол салуулар болду жана Түркия буга абдан катуу жооп кайтарды. Бул кыймыл концептуалдаштырылуусу керек болсо, анда биз аны жазалоочу операциялар деп атасак болот.

Биринчиден Стамбулда Истиклал проспектисинде болгон террордук кол салуудан кийин турмушка ашырылган бир доктрина катары ПККнын Түркияга, Ирак же Сирияда ишке ашырган террордук кол салууларынан кийин уюмдун өзгөчө Сириядагы  элементтерине карата абдан оор бомбалоо менен жооп кайтарып, кол салуулардын чыгымын уюмдун негизинде арттырууга таянган бир доктрина.  Бул акыркы террордук кол салуулардан кийин түрк куралдуу күчтөрү жана Улуттук Чалгындоо Уюмуна караштуу куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар Сириядагы маанилүү инфраструктура жана суперструктураларды бутага алган ондогон абадан бомбалоодо, өзгөчө уюмдун үстөмдүгү астындагы стратегиялык мунай жана табигый өндүрүш объектилерине сокку урду. Сувейда жана Одех мунай кениндеги мунай,  газ өндүрүү жана бөлүштүрүү объектилери алардын айрымдары. ПКК АКШнын берген колдоо менен Сириядагы энергетика булактарынын дээрлик 70 пайызынан көбүн жалгыз колунда кармап турат жана бул потенциал катары күнүмдүк  300 миң баррель нефть өндүрүү деген мааниге келет, бул миллиарддаган доларлык өндүрүү кубаттуулугу. Бирок аянттагы шарттар жана Түркиянын аскердик кийлигишүүлөрү бул потенциалдын турмушка ашышына тоскоол болууда, мунай сатуу менен уюмдун өзүн каржылоо мүмкүнчүлүгүнө жарым-жартылай тоскоол болууда. Түркиянын алдыдагы мезгилдерде тиешелүү аба операцияларын тереңдете турганын алдын ала айтууга болот.



Тектеш кабарлар