Махмуд Кашгари жана “Түрк тилдеринин сөздүгү”

«Диван-ы лүгат-ит түрк» аттуу көлөмдүү сөздүк жана автору Махмуд Кашгари тууралуу кеп...

2085898
Махмуд Кашгари жана “Түрк тилдеринин сөздүгү”

        Ардактуу окурмандар! Бүгүн биз «Түрк дүйнөсүнө арналган өмүрлөр» аттуу программабыздын алгачкы чыгарылышын баштап жатабыз. Бул бөлүмдө түрк дүйнөсүнүн табылгыс байлыгы жана түркология илиминин негизги булактарынын бири болгон «Диван-ы лүгат-ит түрк» аттуу көлөмдүү сөздүктөн жана автору Махмуд Кашгари тууралуу кеп салабыз.

        Кадырлуу окурман, 1914-жылы Стамбулда Али Эмири аттуу жаран эски китеп дүкөндөрүн кыдырып жүрүп, кокустан байкап калган түркчө-арапча сөздүктү сатып алат. Ошол күндөн тартып бул эмгек алгач түрк окумуштууларын, андан кийин дүйнөнүн көңүлүн өзүнө бурат. Бул сөздүк – “Диван-ы лүгат-ит түрк” же болбосо “Түрк тилдеринин сөздүгү” деп аталып, жазуучусу Махмуд деген киши экени маалым болгон. Изилдөөлөр тереңдеген сайын бул эмгек түрк дүйнөсүнүн табылгыс булагы болуп кабыл алынып, анын жазуучусу Махмуд Кашгари түрк дүйнөсү изилдөөлөрүндө аты өчкүс аалым катары таанылып калды. 11-кылымда жаралган бул эмгек жалгыз гана сөздүк эмес, ошол кылымдын чоң бир энциклопедиясы деп айтууга болот.

        Караханиддер доорунда улуу аалым Махмуд Кашгари тарабынан 1072-1077-жылдары арасында Багдатта түркчө-арапча сөздүк даярдалып, ошол учурдун күчтүү Аббасийлер халифасы эл-Муктедий бий-Эмруллахка сунулган. Бул аалым өзү тууралуу чыгармасында жазып калтырган кыска маалыматтардан башка булактарда учурабайт. Эмгегинде белгиленгендей атасынын аты Хусейин, чоң атасы Мухаммет Бугра хан болгон. Мындан сырткары атасынын Барскоондук экенин, кийин Кашкарга көчүп кеткени жазылган. Ал өзүн бийлердин тукумунан экенин да белгилеп өткөн жана бардар үй бүлөлөрдүн балдары окуган Сажийе жана Хамидийе медреселеринен билим алган. Бул маалыматка таянган атактуу түрколог Эржиласундун айтымында, Махмуттун өз атасы Чагры Тигин 1056-1057-жылга чейин Барскоондун эмири болгон. Чоң атасы Мухаммет Бугра хан 1056-1057-жылдары Кашкарда Чыгыш Караханиддердин башкаруучусу болгон. Анын ордуна такка 1057-жылы атасы отурган. Бирок ал учурда так талашуу катуу жүрүп атасы өлтүрүлгөн. Украин окумуштуусу Омелян Прицактын изилдөөсүндө[1], ошол окуядан кийин 1057-1059-жылдары Кашкардан качып он жылдай түрк өлкөлөрүн кыдырган соң Багдатка барган. Башка бир көз карашка таянсак, 1057-жылы 49 жашында Кашкардан качып, Батыш Караханиддер өлкөсүнө, азыркы Орто Азияга келген. 1057-1072-жылдар аралыгында түрк урууларынын ичинде жашап, “Түрк тилдеринин сөздүгүнө” маалымат чогулткан. 1072-жылы ошол доордун маданият борбору болгон Багдатка келип чыгармасын ирээттеп жазган. Аалым эмгегин аяктаган соң туулган жери Кашкарга кайтып, көп өтпөй ошол жерде кайтыш болгон.

        Ал эми бул көөнөргүс эмгекти барактап көрсөк, ал кириш бөлүмү менен башталат. Анда түрк тилдерин үйрөтүүнүн олуттуу мааниси, эмгектин кимге багышталганы, автордун жазуу усулу, түрктөр колдонуп жүргөн он сегиз тамгалуу алфавити, түрктөрдүн негизги элдери жана урууларынын аттары, алардын Евразиядагы ар кайсы чөлкөмдөрдө жайгашуулары, тилдеринин эң адепки илимий классификациясы жана башка ушул сыяктуу маалыматтарды камтыйт[2]. “Дивандын” негизги бөлүгү жалпысынан сөздүк тартибинде түзүлүп, сегиз баптан турат. Анда 8000 чамалуу түркчө сөздөрдүн түшүндүрмөсү арапча берилген. Бул сегиз баптын ичинде чыгыш жана батыш түрк калктарынын тилдик жалпылыктары, жайгашкан тарыхый аймактары, экономикасы, коомдук турмушу, маданияты, каада-салттары, фольклору, жер-суу аттары жана башка ушундай маалыматтар олуттуу деңгээлде камтылган. Айрыкча, сөздүктө аалымдын түзгөн дүйнө картасын да учуратабыз жана анда дүйнөнүн борбору катары Баласагын шаары көрсөтүлгөн. Бул картанын өзгөчөлүгү – алгачкы жолу бир түрк аалымы тарабынан даярдалып сакталып калгандыгында. 638 беттен турган бул баа жеткис сөздүктүн жалгыз кол жазмасынын көчүрмөсү учурда Стамбулдун улуттук “Фатих” китепканасында сакталып турат. Ушул күнгө чейин “Диван” түрк, немис, азербайжан, өзбек, орус, уйгур, англис, казак, фарс жана кыргыз тилдерине которулду. Араптарга түркчө үйрөтүү максатында жазылган бул сөздүктөн сырткары, аалымдын ушул күнгө жетпеген, “Түрк тилдеринин грамматикалык изилдөөлөрү” аттуу дагы бир эмгегинин аталышын жолуктурабыз. Илим дүйнөсүндө кызыгуу жараткан бул эмгеги бүгүнкү күнгө жетпесе да Махмуд Кашгаринин түрк дүйнөсүнө кошкон чоң салымы менен аты кылымдарга сакталары айкын.

                Урматтуу окурман, бүгүнкү программада 11-кылымдын түрк дүйнөсүнө шам жагып, түрк дүйнөсү изилдөөлөрүнүн атасы кабыл алынган Кашкарлы Махмут жана анын айтылуу сөздүгү тууралуу кыскача маалымат берилди. Бул эмгек тууралуу илимий мекемелерде, ар кыл өлкөлөрдө иликтөөлөр жүргүзүлдү жана диссертациялар корголду жана мындан ары дагы изилдене бермекчи.

         Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.

 

Колдонулган булактар:

1. Atalay, B. (2006), Dîvânu Lugâti’t-Türk, Türk Tarih Kurumu Yayınları, Cilt 1, s. 5, Ankara.

2. Ercilasun, A. Bican; Akkoyunlu, Ziyat (2015), Dîvânu Lugâti’t-Türk, Türk Dil Kurumu Yayınları, s. 28, Ankara.

3. Чоротегин, Т. (2017), Махмуд Кашгари Барсканинин “Дивану лугати т-түрк” эмгеги – түрк элдеринин тарыхы боюнча көөнөргүс булак, Бишкек: 59-61-б., 105-б.

4. https://tdk.gov.tr/divanu-lugatit-turk/bulunusundan-yayimlanisina-divanu-lugatit-turkun-hikayesi/ (Bilgi 26.12.2023 tarihinde alınmıştır).

 

[1] Ercilasun A., Akkoyunlu Z. (2015): s.32-33.

[2] Караңыз: Чоротегин, Т. (2017): 105-б.



Тектеш кабарлар