Израилдин Газа оккупациясынын  чыгымдары артып баратат

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу баа берүүсү.

2080012
Израилдин Газа оккупациясынын  чыгымдары артып баратат

Израилдин Газадагы басып алуу аракеттери жана кыргындары үчүнчү айына кирип, Газадагы чоң адамзаттык жоготуу менен бирге аймактык динамикалар жана глобалдык саясат да таасирин тийгизүүнү улантууда. Израиль жана анын негизги колдоочусу болгон АКШ барган сайын жалгыздап, хусилердин Баб ел  Мендеб кысыгы менен Кызыл деңизде Израилдин  портторуна товар ташыган кемелерди бутага ала башташы менен согуштун таасирлери дагы көп сезиле баштады. Украина фронтунда  болсо Россия жетишкендиктерин арттырып, Батыш блогунун бир убакта эки кагылышууну колдоо үчүн абдан олуттуу суроо белгилери ортого чыгууда.

СЕТАнын тышкы саясат боюнча изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу баа берүүсү.

Баб ел  Мендеб  жана Кызылдеңиздеги дүйнөлүк транспорттун  дээрлик  11 – 12   пайызы ушул линия аркылуу ишке ашырылууда. Ошондой эле мунай ташуу да ушул линия аркылуу ташылууда. Өзгөчө Европа жана Азиянын ортосундагы эң жакын линия бул жерде жана логистикалык структура да ушуга жараша иштелип чыккан. Бирок Израилдин Газадагы кыргындарына каршылык катары Йеменде жайгашкан хусилер Израиль менен согуш ачып, Израиль портторуна бара бурган ар бир кемени бутага ала тургандарын билдиргенден кийин бир биринин артынан чоң кемелердин бутага алынгандыгын көрө баштадык. Хусилер кээ кээде камикадзе учкучсуз учуучу аппараттар жана ракеталар менен бул кемелерди атып, айрым учурларда да түздөн түз кол салуу менен конфискациялады. Дүйнөнүн эң чоң логистикалык фирмалары бул линияны колдонбой тургандарын билдирди. Альтернатив багыт катары Үмит тумшугунан айланууга болот бирок тиешелүү жүктөрдү кеминде 2 жумага кечиктирип, чыгымдардын чоң өсүшүнө алып келет. Израиль  үчүн олуттуу коркунуч болуу менен бирге ошол эле учурда глобалдык соода жана Европанын камсыздоо коопсуздугуна коркунучка айланды. АКШ, Испания, Британия, Бахрейн сыяктуу өлкөлөрдү камтыган миссия күчүн түзүү менен бул коркунучту минималдаштырууну  каалап жатат бирок хусилердин лидери Абдулмелик ел  Хусинин да билдирүүлөрүндө чагылгандай хусилердин жана албетте анын негизги колдоочусу болгон Ирандын бул  контекстте артка чегинүү ниети жоктой. Ыктымалдуу аба операцияларынын хусилерди токтотушу мүмкүн эместей көрүнөт.

Кызыл деңизде булар болуп жатса Украина фронтунда да маанилүү абалдар бар. Россия күн өткөн сайын күчтөнүп, Украинанын батыштан убада кылынган  жардамдарга жете албагандыгы байкалууда. АКШ Конгресси жаңы кадамдар үчүн көңүлсүздөй.  Израиль аскердик -  саясий -  экономикалык жактан колдоого алынып, батыштык өлкөлөрдүн Украинага жардам берүү мүмкүнчүлүгүн чектеп жатат. Учурдагы абал туруктуу эместей көрүнүүдө, ушунун негизинде  Израиль - Газа тилкесинде да, Украина – Россия линиясында да ок атышпоо сүйлөшүүлөрү күчөйт.

Бирок өзгөчө Нетаньяхудан келген белгилер турукту бир ок атышпоо  тууралуу үмүт бербейт.  Бул жерде Израилдин изоляциясы жана АКШнын Израилге жасаган кысымы жарым-жартылай жыйынтык бериши мүмкүн, бирок Газадагы кыргындардын бир канча убакытка чейин улана турганын алдын ала айта алабыз. Украинанын болсо Россия менен учурдагы аскердик талаа реалдуулугуна таянып, сүйлөшүү столуна отуртулушу  бир вариант катары көрүнүүдө.  Бирок Зеленскийдин администрациясынын бул контекстте таңуулоолорду кабыл алабы же жокпу азырынча белгисиз.

 

 



Тектеш кабарлар