Измирдин Шамбали таттуусу

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-69

2076808
Измирдин Шамбали таттуусу

Измирдин Шамбали таттуусу

Катталган күнү: 18.01.2011

Түркиянын Эгей аймагынын бермети саналган Измирге гана тиешелүү «Шамбали таттуусу» күнүмдүк жашоонун алмаштыргыс даамдарынын бири. Шамбали таттуусу 2011-жылы Измирдин Соода палатасынын кайрылуусу менен Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнө киргизилген. Шамбали – болжол менен 1 килограмм майда буудай, 750 грамм сүт жана жетиштүү түрдөгү крахмал жана көптүргүч менен даярдалган камырды листке салып бышырып, бышкандан кийин үстүнө шербет куюп жасалган десерттин бир түрү. Калыңдыгы болжол менен 3 сантиметр болгон шамбали таттуусунун камырынын үстү ар бир кесимге бирден бадам же мисте менен жабылат. Камыр алдын ала ысытылган духовкада 180 градуста болжол менен 45 мүнөт бышырылгандан кийин листтин ичинде тик бурчтуу формада кесилип, дагы 15 мүнөт бышырылат. Ал арада шербетти даярдоо үчүн зарыл болгон суу менен шекер кайнатылат. Кайнап баштагандан кийин сироп дагы 10 мүнөт кармалат. Ичине лимон ширесин жана ванилинди кошуп бир аз кайнатып, муздаганга калтырылат. Камыр бышып бүткөндөн кийин муздаган сироп табакка куюлат. Шамбалинин бети бир аз карамелделип, күйбөй, ичи ачык сары болушу зарыл. Жөнөкөй же үстүнө каймак кошулган Измир Шамбалиси ооздо оңой эрүүчү түзүлүштө болушу керек.



Тектеш кабарлар