Буларды билесиздерби?

Дүйнөнүн экинчи чоң каньонунун Түркияда экендигин билесиздерби?

2067663
Буларды билесиздерби?

Түркиянын Чыгыш Анадолу аймагында Эрзинжандын Кемалие районундагы Каранлык каньону дүйнөнүн экинчи чоң каньону. Каранлык каньону ошол эле учурда дүйнөнүн эң коркунучтуу жолдорунун бири катары да белгилүү. Дүйнөдөгү эң коркунучтуу  жана кыйын жолдорун тизмелеген чет элдик бир веб сайты «дүйнөнүн эң коркунучтуу жолдорунун» арасында Эрзинжандагы Каранлык каньон таш жолунун Кытайдагы Гуолян туннелинен да коркунучтуу экендигин билдирген.  500 – 600  метрге жеткен тик дубалдуу каньонго күн нуру түздөн түз тийбегендиктен  Каранлык башкача айтканда Караңгы каньону деп аталган. Кебан суу сактагычы курулгандан кийин  80 метрге жогорулаган суулар каньонду бүгүнкү көркөмдүү көрүнүшүнө айландырган.

Каранлык каньонунун курулушу  1870 -  жылы ал мезгилде аймакта жашаган жергиликтүү калк тарабынан  башталгандыгы болжолдолууда. 2002 -  жылы мамлекеттин да колдоосу менен кеңейтилип, унаалар да өтө ала тургандай кеңдикке жеткен. Тактап айтканда Каранлык каньонунун курулушу  132 жылга созулган. Каранлык каньонунун оболу  бийик тоолорду ашып малдарын багууну каалаган адамдар тарабынан алгачкы куралдар менен көптөгөн жылдар казылып ачылгандыгы болжолдолууда.

Туннель тонун алдыңкы тарабынан башталат жана Таш туннель 7 километрден кийин бүтөт. Айрым жерлеринде аба кирчүү тешиктердин бар экендигин көрүүгө болот. Каранлык каньонун  суулуу бөлүгүнүн узундугу болжол менен 9 километр.   Бүгүнкү күндө Каранлык каньонунун географиялык түзүлүшү жана табигый кооздуктары менен жыл сайын көптөгөн адреналин сүйүүчү жергиликтүү жана чет элдик туристтерди өзүнө тартып турат. Каньондо кайык турлары жана каноэ сыяктуу туристтерди кызыктырган иш-чаралар өткөрүлөт.

Өзгөчө каньон жайгашкан Кемалие районунда жыл сайын Эл аралык Эрзинжан Кемалие маданият жана жаратылыш фестивалы да өткөрүлүүдө. Райондо Каранлык каньонунда тарыхый , кызыктуу курулуштар да бар. Анткени байыркы доордон бери бир канча цивилизация болгон аймактын  тарыхы абдан бай.



Тектеш кабарлар