Израилдин агрессиясы  Жакынкы Чыгыш геополитикасын кайрадан куруп жатат

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору жазуучу профессор Мурат Йешилташтын бул тууралуу баа берүүсү.

2060129
Израилдин агрессиясы  Жакынкы Чыгыш геополитикасын кайрадан куруп жатат

8000ден ашуун киши каза болгон Газада уланып жаткан Израиль кол салуулары Жакынкы Чыгыш геополитикасында  маанилүү бир бурулуш жери болуу потенциалына ээ. Израилдин кургактыктан кол салуусу, Израиль менен Хамастын ортосундагы кагылышуунун Газанын чегинен тышка чыга тургандыгын көрсөткөн бир нече динамиканы ортого чыгарууда. Кагылышуулар тааныш модель менен бара жатат : Хамас Израилге кол салды, Газага Израиль да абадан кол салды, ок атышууну токтотууга жетишилди жана статус-квого кайтып келди. Бирок 7 -  октябрдан кийин болгондор бул моделден чыккандыгын ачыкча көрсөтүүдө жана Израиль кеминде Газанын түндүк бөлүгүндө туруктуу жайгашууну каалап жатат жана ушундайча статус – кво өзгөрүшү мүмкүн.

СЕТАнын коопсуздук изилдөөлөр боюнча директору жазуучу профессор Мурат Йешилташтын бул тууралуу баа берүүсү.

Израилдеги кол салуулардан улам келип чыккан коопсуздук кризиси негизинен Хамастын алдын ала билбегендигинен улам тереңдеди. Израиль армиясынын көзөмөлдү колго алуусунун 24 саатка кечигүүсү алардын даярдыгынын жок экенин ачыкка чыгарды. Мындан башка 7 -  октябрдагы операция Израилди чыдоосу абдан кыйын болгон терең бир онтологиялык коопсуздук кризисине дуушар кылды. Натыйжада Израилдин палестиналык жана аймактык оюнчулардын тоскоол кылуу мүмкүнчүлүгү кыйла азайды. Бул Израилдин коопсуздук саясатында жана аймактык аракеттеринде олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болушу мүмкүн экенин көрсөтүү менен бул Жакынкы Чыгышта чоң өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн.

Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидандын Катар сапары учурунда баса белгилегениндей бул коопсуздук кризиси же Палестина кагылышуусун чечип жаңы бир аймактык тынчтыкты пайда кылышы мүмкүн же дагы кенен аймактык кагылышууга  айланышы мүмкүн. Тынчтык азыркы учурда алыстай көрүнсө да аймактык туруксуздуктун күч алуу ыктымалы жогору.

Бул процесстин багыты Израилдин Хамасты нейтралдаштыруу максатына жетүүдөгү ийгилигине жана тандаган ыкмасына жараша болот. Чечүүчү жол Израилдин Хамаска каршы кургактан операциясын, андан кийин Газанын түндүгүн басып алууну жана басып алуудан кийинки башкарууну курууну камтууда. Бирок, көптөгөн кыйынчылыктар бар. Анткени Израиль тарабында реалдуу бир план жок. АКШнын Израиль аркылуу арткан кысымы жана Газадагы Хамастын каршы турушу бул максатка тоскоол болушу мүмкүн.

Израилдин аскердик күчтөрдү жана жалпы жазалоо ыкмаларын чектөөсүз колдонуусу эл аралык сынга алып келди жана кеңейтилген кургактык операциясы Израиль үчүн олуттуу коопсуздук жана кыйынчылыктарды жаратат.

Кургактык операциясынын Израиль жана Газанын тышына өтүү ыктымалы АКШны жана Израилди чектеп жатат. Ливан Хизбуллахынын кагылышууга катышуусу жана Сирия менен Ирактагы түрдүү  террордук топтор тарабынан АКШнын аскерлерин бутага алышы АКШны кагылышууга тартып кеңейтиши мүмкүн.

Израилдин Газадагы агрессиясы Жакынкы Чыгыш геополитикасында чыңалуунун күч алышына жана потенциал катары  уланып жаткан нормалдашуу процессин акырына чыгарышы мүмкүн же токтотушу мүмкүн. Түркиянын Израилге каршы турушу, президент Режеп Таййип Эрдогандын Израилди катуу сынга алышы менен өзгөрдү. Бир эле убакта Эрдоган Түркиянын түрдүү чараларды көрүүгө даяр экендигин баса белгиледи. Түркиянын кагылышууну чечүүгө карата аймактык дипломатияга активдүү катышканына карабастан Израилдин белгиленген максаттарына жеткенге чейин ок атышпоого барбай тургандыгы ачык. Бул шарттарга көңүл бурулганда Израиль менен Түркиянын ортосундагы карым  - катнаштарды нормадаштыруу процессин убактылуу токтотуу жерине келгендигин айтууга болот.

Израиль  -  Иран кастыгынын күч алуу ыктымалы да маанилүү. Америка Кошмо Штаттары Иран менен түз кагылышуудан качса да, Иран колдогон топтордун Ирак менен Сириядагы АКШнын аскердик позициясына кол салуулары бул позицияны өзгөртүшү мүмкүн. Израиль Ливан жана Сирия аркылуу Ирандын таасирине кыйыр түрдө каршы туруу аракеттерин күчөтүшү мүмкүн. Перс булуңундагы өлкөлөрдө Иран менен жумшоо сезими азайып баратат жана  Перс булуңу - Иран жакындашуусунда күтүүнүн болуп жаткандыгын көрсөтүүдө.

Израилдин агрессиясы Палестина маселесинде таасирдүү болушу мүмкүн. Израилдин 7 -  октябрдан кийинки коопсуздук жана тышкы саясаттагы мамилесинде эки мамлекеттүү чечүүчү жолдон баш тартышы мүмкүн жана Палестина маселесин четке түртүп салуу ыктымалы бар. 

Бул маргинализация Израилди обочолонтуп, Ибрахим келишимдерин жана аймактык альянстарды натыйжасыз кылып, Араб -  Израиль тирешүүсүн кайра тутандырышы мүмкүн. Палестина маселесине көңүл бурбоо жана эки мамлекеттүү чечимди токтотуу аймактык радикалдашууну жана потенциалдуу глобалдык кесепеттерге түрткү берет.

Бул тобокелдиктерди эске алганда, 7 - октябрдан кийин Жакынкы Чыгыштын аймактык коопсуздук чөйрөсүнүн атаандаштык чөйрөсүнө айланышы анык. Израилдин Газада уланып жаткан кургактагы операциясы бул атаандаштык чөйрөнү карама-каршы чөйрөгө айландырышы жана Израилдин коопсуздугу жана ырааттуулугу үчүн кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. Мындай коопсуздук чөйрөсүндө Израилдин өзүн коопсуз сезиши мүмкүн эмес. Израилдин агрессиясын чектей турган ок атууну токтотууну тез арада жарыялоо керек. 



Тектеш кабарлар