Буларды билесиздерби?

Түркия Республикасы негизделгенден көптөгөн жылдар мурда Мустафа Кемалдын республиканы курууга чечим чыгаргандыгын билесиздерби?

2055328
Буларды билесиздерби?

Түркия Республикасы негизделгенден көптөгөн жылдар мурда Мустафа Кемалдын республиканы курууга чечим чыгаргандыгын билесиздерби?

Түркия Республикасы 100  жашын белгилеп жатат.

Республика  1923 -  жылы  29 -  октябрда жарыяланды. Бирок Мустафа Кемал  республиканы курууну бул күндөн көптөгөн жылдар мурда чечим чыгарган. Биринчи Дүйнөлүк согушунун акырында жеңилген Осмон мамлекети өзү үчүн өлүм өкүмү деген мааниге келген оор шарттарда Севр келишимине кол коюп, жерлери басып алынган. 1919 -  жылы  19 -  майда Самсунда түрк улутунун боштондук күрөшүн баштаткан Мустафа Кемал бардык терс шарттарга карабастан жеңишке жетишиле тургандыгына ишенген. Бирок Боштондук согушу баштала элек жана  түрк армиясы да жок эле.

1919 -  жылы июль айында Эрзурумда боштондук согушун пландоо максатында  бир курултай өтөт. Бир күнү кечинде Мустафа Кемал бул жерде дос болгон Мазхар Мүфит Кансуга жеңиштен кийин башкаруу формасынын республика болорун айтат. Бирок, ал күн келгенге чейин бул сөз сыр катары калыш керек. Бул алардын ортосундагы жалгыз сыр эмес. Ал күнү кечинде Мустафа Кемал кийим – кечеде   төңкөрүш болорун айтат. Мындан тышкары, кылымдар бою колдонулуп келген араб алфавитинин ордуна латын алфавити колдонула баштайт.

Төрт жылдан кийин согуш түрк улутунун жеңиши менен аяктап, Лозанна тынчтык келишими кабыл алынып, султандык жоюлат. 1923-жыл 28-октябрь күнү кечинде Мустафа Кемал досторуна: «Эртең Республиканы жарыялайбыз»  дейт. 29-октябрда Түркиянын Улуу Улуттук Парламентинде республиканын декларациясы кабыл алынды. Андан соң жашыруун добуш берүү менен президенттик шайлоо өтүп, 158 депутаттын баары Мустафа Кемал пашаны жаңы түрк мамлекетинин биринчи президенти кылып шайлашат.

Жаңы түрк мамлекети бүткүл дүйнөгө жарыя кылынгандан кийин көптөгөн жылдар  мурун Мустафа Кемал  пландаган башка кадамдар да биринин артынан бири ташталды. Кийим-кече тармагында эле эмес, билим берүү, укук, маданият, экономика, аялдарга саясий укуктарды берүү сыяктуу коомдук турмуштун бардык тармактарында көптөгөн революциялар жасалып, латын алфавити кабыл алынды. Ошентип Түркия Республикасы Мустафа Кемал Ататүрк максат кылган светтик, заманбап жана демократиялуу мамлекет катары дүйнө өлкөлөрүнүн арасында өз ордун алды.

 

 



Тектеш кабарлар