Буларды билесиздерби?

Түркия республикасынын расмий маалымат агенттиги болгон Анадолу агенттигинин республиканын жарыяланышынан мурда түзүлгөндүгүн билесиздерби?

2050136
Буларды билесиздерби?

Түркия республикасынын расмий маалымат агенттиги болгон Анадолу агенттигинин республиканын жарыяланышынан мурда түзүлгөндүгүн билесиздерби?

Түркия Республикасынын тарыхында Анадолу агенттигинин орду абдан маанилүү. Биринчи Дүйнөлүк согушунан кийин Осмон мамлекетинин жерлеринин басылып алынышынан кийин башталган түрк Боштондук согушунда 1920 -  жылы  6 -  апрелде түзүлгөн Анадолу агенттиги Боштондук согушунун ар бир этабына, республиканын жарыяланышына жана төңкөрүштөрүнө күбө болду.

1920 -  жылы  16 -  мартта Стамбулдун басылып алынышы менен бул жердеги интеллигенттер Улуттук күрөшкө катышууну тандашты жана Анкарага барышты. Бул интеллигенттердин арасында журналист Юнус Нади менен журналист  - жазуучу Халиде Эдип да бар эле. Улуттук күрөш учурунда элге туура маалымат берүү жана дүйнөгө бул күрөштүн тууралыгын билдирүү керек эле. Ушул максатта Халиде Эдип  менен Юнус  Нади бир маалымат агенттигин түзүү боюнча көз караштарын Мустафа Кемал менен бөлүшөт. Мусатафа Кемал басма сөздүн маанисин Улуттук Боштондук согушунун башында эле түшүнүп, бул үчүн гезит чыгаруу демилгесин  көтөргөн. Ушундайча Анадолу агенттиги мамлекеттин түзүлүү процессинде Түркия Улуу Улуттук Парламентинин ачылышынан  17 күн мурда Мустафа Кемалдын  1920 -  жылы  6 -  апрелде жарыялаган бир билдирүүсү менен ишин баштады.

Анадолу агенттигинин заманбап бир маалымат агенттиги күбөлүгүнө ээ болушу  1925 -  жылы  1 -  март күнү «Анадолу агенттиги түрк акционердик коомунун» түзүлүшү менен болду. Ушундайча Анадолу агенттиги ал күндөрдө бир үлгүсү болбогон түзүмү менен автономдук  статуска ээ болду жана  ал күндөн бери коомдук журналистика менен ишин улантууда.



Тектеш кабарлар