Буларды билесиздерби?

Түштүк - Чыгыш Анадолу аймагында жаңы нокот  түрүнүн чыккандыгын  билесиздерби?

2038058
Буларды билесиздерби?

Түштүк  - Чыгыш Анадолу аймагы дүйнөдө айыл  - чарба иштери биринчилерден болуп чыккан аймактардын бири. Жер Ортолук деңиз университети тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө Түштүк Чыгыш Анадолу аймагында жогорку температура жана кургакчылыкка чыдамдуу нокот түрү табылды. Жүрөктүн формасындагы дандары менен көрүлдөрдү бурган нокоттун түрүнө Республиканын 100 жылдыгына карата Туркикум деген ат берилди.

Жаңы табылган түр өмүсдүктөр илими тармагында  дүйнөнүн абдан маанилүү журналдарынын бири болгонFrontiers in Plant Science журналында  билим дүйнөсү менен бөлүшүлдү. Эл аралык адабиятка эндемикалык түр катары кирген нокоттун жаңы түрүнө өлкө тышында нокот тууралуу изилдөө жүргүзгөн илимпоздор чоң кызыгуу көрсөтүүдө.

Жаңы табылган Туркикум түрү өзгөчө жогорку температура жана кургакчылыкка чыдамдуулугу менен көңүлдөрдү бурууда. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында  бул түрдүн айрым зыяндуу курт – кумурскаларга чыдамдуу экендиги аныкталды. Андан тышкары жогорку температурада да өсүп, суусуздукка туруштук бере алат. Эгерде бул түрдүн гендери культивацияланган нокот сортторуна өткөрүлө турган болсо, бир нече абдан маанилүү өзгөчөлүктөргө ээ болот.  Ошондуктан, глобалдык ысынуунун коркунучу астында турган дүйнөдө, айыл чарба өндүрүшү үчүн нокоттун бул жаңы түрүнүн мааниси дагы да жогорулайт.



Тектеш кабарлар