Евразия мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-54

2034398
Евразия мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Ардактуу окурмандар! Азыр сиздер «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Евразия мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев үстүбүздөгү жылдын 27-август күнү Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министри Яшар Гүлерди, 28-август күнү Түркия Республикасынын Улуттук коргоо министрлигинин башкы штабынын башчысы Метин Гүракты кабыл алды. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Азербайжан менен Түркиянын ортосундагы аскердик мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселеси талкууланды.

Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Хакан Фидан 31-август- 1-сентябрь күндөрүндө Орусия Федерациясында расмий иш сапары менен болду. Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Фидан Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Коргоо министри Сергей Шойгу менен өз-өзүнчө жолугушууларды өткөрдү. Жолугушууларда эки тараптуу, аймактык жана глобалдык маселелер боюнча пикир алмашылды. 1-сентябрда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 4-сентябрь күнү Сочиде Орусиянын Президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын жолугушарын билдирген. Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Хакан Фидан 26-август күнү расмий иш сапары менен Украинада болгон эле.

Рим папасы Франциск 31-августтан 4-сентябрга чейин Монголияда мамлекеттик иш сапары менен болду. Рим папасы Франциск Уланбатордо Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хүрэлсүх жана Премьер-министр Лувсаннамсрайн Оюн-Эрдэнэ менен жолугушту. Бул мамлекеттик иш сапар католиктердин диний лидеринин Азиядагы бир мамлекетке жасаган алгачкы визити эле.

1-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин видеоконференция форматындагы жолугушуусунда Орусия тарабынан Кыргызстанда курула турган 9 мектептин пайдубалын түптөө аземи болуп өттү. Бул мектептердин курулушуна Орусия 500 миллион доллар бөлгөн. Орусия билим берүүгө жумшаган инвестициясы менен Кыргызстандагы таасирин улантууну көздөйт.

1-сентябрь күнү Грузиянын бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы президент Саломе Зурабишвилиге каршы импичмент жараянын баштаарын шардана кылды. Бийликтеги партиянын мындай билдирүү жасашына президент Зурабишвилинин өкмөттүн уруксатын албастан чет мамлекеттерге иш сапарлары менен баргандыгы себеп болду. Президент Зурабишвили 31-август-1-сентябрь күндөрүндө Берлинде жана Брюсселде иш сапары менен болду.

1-сентябрдан тарта Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары өз ара “ID” картасы менен каттай башташты. Кошумчалай кетсек, эки өлкөнүн чек арасында жайгашкан “Бек-Абад” жана “Карабагыш” өткөрмө бекеттери узак убакыттан кийин кайрадан ачылды. 31-август күнү Кыргызстан, 1-сентябрь күнү Өзбекстан Көз карандысыздык күнүн белгилешти.

Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюму Беларуста 2,5 миңден ашуун аскердин катышуусунда аскердик машыгууларды баштады. Төрт этаптан турган аскердик машыгуулардын айрымдары Кыргызстанда өтөт. Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун Башкы штабынын жетекчиси генерал Анатолий Сидоров уюмдун кеңейүүгө даярданып жатканын билдирди.

Окуялардан көрүнүп тургандай, өткөн аптада Евразия аймагынын келечегин аныктай турган маанилүү иш сапарлар болду. Евразия өлкөлөрүнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелер да өнүгүп жатат.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.



Тектеш кабарлар