Миластын колго токулган килеми

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-50

2024991
Миластын колго токулган килеми

Миластын колго токулган килеми

Катталган күнү: 10.11.1997

Түркиянын Эгей аймагынын туризм жана айыл чарба шаары Мугланын Милас району, токуу тармагындагы кол өнөрчүлүк буюмдары менен белгилүү. Өзгөчө Милас килемдери түрк колго токулган килем өнөр жайында өзгөчө жана маанилүү орунду ээлейт. 11 кылымдык тарыхы бар Милас аймагынын колго токулган килемдери аймакка келген саякатчылардын таасири менен 17-кылымдан бери Европа континентинде да чоң суроо-талапка ээ болгон. Милас килеми 1997-жылдан тарта Милас Соода жана өнөр жай палатасынын кайрылуусу менен Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнө киргизилген. Алгачкы мезгилде үй станокторунда жайнамаз өлчөмүндө өндүрүлгөн килемдер 1909-жылы ачылган биринчи чоң цех менен чоң өлчөмдөргө жетип, Түркиянын кол өнөрчүлүк тармагындагы маанилүү экспорттук продукцияларынын бири болуп калды. Килемди өндүрүүдө өсүмдүктөрдөн алынган тамыр боёктору менен боёлгон жиптер кош түйүндүү ыкма менен жана «Истар» деп аталган токуу станокторунда токулат. Аймакка мүнөздүү ондогон ар түрдүү мотивдер колдонулган Милас килеминин өндүрүшүндө өзгөчө кызыл жана сары түстөр басымдуулук кылган 26 түс бар.



Тектеш кабарлар