Карс кашар сыры

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-48

2017691
Карс кашар сыры
KARS KAŞARI.jpg

Карс кашар сыры

Каттоо күнү: 14.02.2014

Түркиянын Чыгыш Анадолу аймагындагы тарыхый шаар Карс дүйнө ашканасында татыктуу кадыр-баркка ээ болгон сырдын бир түрү болгон «Карс кашар сыры» менен белгилүү. Тарыхы 1920-жылдары башталган Карс кашар сыры Кавказ университетинин ректорлугунун кайрылуусу менен 2014-жылы Түркиянын географиялык каттоодон өткөн өнүмдөрүнө кирген. Райондун бийик тоолуу жайыттары мал багуу үчүн ыңгайлуу шарттарга ээ жана өсүмдүктөрдүн көп түрдүүлүгү кашар өндүрүү үчүн талап кылынган сүттүн жогорку сапатын камсыз кылат. Карс сыры көбүнчө уйдун сүтүнөн жасалса да, уйдун сүтүнө койдун жана эчкинин сүтүн кошуп да жасоого болот. Карс кашар сырынын өндүрүшүндө салттуу ыкмалар менен өндүрүлгөн «Телеме» деп аталган чийки сыр эки жолу майдаланып, тешиктүү хром себеттер менен кайнап жаткан казанга малынып, сагыздын консистенциясын алганга чейин кайнатылат. Бул ыкма "Сууда кайнатуу" деп аталат. Кайнатылган сырды өтө майда бөлүктөргө бөлүп, бир нече жолу басышат жана суу жакшылап чыпкаланат. Сыр чеберлери 4-5 мүнөттөй сагыздын консистенциясындагы бөлүктөрдү жакшылап жууруп, кайнак сууну толугу менен агызып чыгарышат. Андан кийин калыптарга салынып, туздалган сыр «Карын байлатуу» процесси менен формага келтирилет. Калыпталган сырлар болжол менен 12 сааттан кийин калыптарынан чыгарылып, туздоо жана тыныктыруу бөлмөсүнө алынып, аба агымы менен кургатылат. Карс сырынын жетилүү фазасы болжол менен 6 айда бүтөт. Бул мезгилдин аягында сырты сыр калыбы менен капталган Карс кашар сыры каалаган өлчөмдө кесилип, сатыкка коюлат.



Тектеш кабарлар