Буларды билесиздерби?

Лозанна тынчтык келишими.

2014727
Буларды билесиздерби?

Лозанна тынчтык келишиминин  1 -  Дүйнөлүк согушун акырына чыгарган ошол эле учурда көптөгөн жылдар күчүндө болгон бир гана тынчтык келишими экендигин билесиздерби?

1 -  Дүйнөлүк согуштан кийин жеңилген Осмон империясы көз карандысыздыгын жоготуп, жерлери басылып алынган. Бирок түрк улуту жеринин бүтүндүгү жана улуттук көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн Боштондук согушунан жеңиш менен чыкты. Түрк улутунун адилеттүү жана жүйөөлүү себептерге таянып жүргүзгөн бул күрөшү 1922 -  жылы күздө Улуу жеңиш менен  аяктады. Бул жыйынтык бүткүл дүйнө тарабынан кабыл алынышы керек эле.

Тынчтык конференциясы 1922 -  жылы 20 -  ноябрда Швециянын Лозанна шаарында чогулду. Түрк мамлекетинин өкүлү болгон делегацияны жетектеген Исмет паша көз карандысыздык жана эгемендик темасына басым жасап, бардык цивилизациялуу элдер сыяктуу эркиндикти жана эгемендүүлүктү каалашкандарын айтат. Лозанна келишиминин жазылышы үчүн өткөрүлгөн бул конференция 8 айга созулду. Акыры 1923 - жылы 24 - июлда Түркия, Британия, Италия, Франция, Россия, Югославия, Бельгия, Португалия, Румыния, Греция, Япония жана Италиянын өкүлдөрүнүн ортосунда Лозанна тынчтык келишимине кол коюлду.

Лозанна тынчтык келишими жаңыдан жаралган Түркия Республикасынын да тастыкталышы болду. Келишимдин башында «мамлекеттердин көз карандысыздык жана эгемендүүлүгүнө сый көрсөтүү» өзгөчө белгиленген. Тараптар бири бири менен келишим түзүп жана убада бергени үчүн  Лозанна тынчтык келишими  күчүндө калууну улантты. 100  жыл болгон Лозанна келишиминин текстинде  2023 – жылы же башка бир жылы бүтөрүнө байланыштуу берене орун алган эмес. Келишимдин күчүндө болушунда түрк мамлекетинин тынчтыкчыл жана жакшы ниет мамилеси да чоң мааниге ээ. Ататүрктүн «Өлкөдө тынчтык, дүйнөдө тынчтык» принциби боюнча Лозанна тынчтык келишиминин бардык беренелерине баш ийүү тынчтыктын үзгүлтүксүздүгүнө шарт түзүүдө.



Тектеш кабарлар