Ризе мухламасы

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-45

2009982
Ризе мухламасы

Ризе мухламасы

Катталган күнү: 26.03.2021

 

Түркиянын Кара деңиз жээгинде жайгашкан табигый кооздуктары жана чай өндүрүшү менен таанылган Ризе шаары жергиликтүү тамак болгон «Мухлама» менен аймактын тамак маданиятына башкача көрк кошту. Ризе Соода жана өнөр жай палатасынын 2021-жылкы кайрылуусу менен Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнүн бири болгон Ризе мухламасынын өндүрүшүндө жергиликтүү өндүрүлгөн колот сыры, май, жүгөрү уну, туз жана суу колдонулат. Көптөгөн жылдардан бери аймактын үйлөнүү үлпөт тамактарынын арасында орун алган Мухлама эртең мененки дасторкондун да алмаштырылгыс тамактарынын арасында. Аз дегенде 2 кишиге даярдалган Ризе мухламасын даярдоодо эң алгач сары май, жүгөрү уну жана туз жез көмөчтанда жыгач кашык менен куурулат. Каалаган күрөң түскө келгенде четинен ортосуна чейин кайнатылган суу куюлуп, аралаштырып отту басаңдатышат. Аралашма килкилдек абалга жеткенде,  жука зымдай мурдатан даярдалган колот сырын мухламанын үстүнө тизебиз. Жыгач кашык менен ичке кесилген сырлар акырын ичине басылат, бирок аралаштырылбайт. Акырында жай от толук ачылып, алоолонгон отко мухлама 10-15 секунд бышырылат. Ризе мухламасы дасторконго ысык берилет, муздай электе жесе даамдуу болот.



Тектеш кабарлар