Кахраманмараштын оюп жасалган сеп сандыгы

Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрү-44

2007001
Кахраманмараштын оюп жасалган сеп сандыгы
KAHRAMANMARAŞ OYMA ÇEYİZ SANDIĞI.jpg

Кахраманмараштын оюп жасалган сеп сандыгы

Катталган күнү: 26.12.2017

Түркиянын Жер Ортолук деңиз аймагынын Чыгыш Анадолу аймагына ачылган дарбазасы Кахраманмараш шаары, түрк элинин жүздөгөн жылдардан бери келе жаткан көчмөн маданиятынын издерин камтыган жер болуп саналат. Бул маданияттын эң негизгиси болсо – үй-бүлө жана үйлөнүү үлпөт салты. Кыздардын атасынын үйүнөн алып келген жана «сеп» деп атаган буюмдардын көрсөтүлүшү үйлөнүү үлпөтүнүн эң маанилүү элементтеринин бири болуп эсептелет. Кахраманмарашта өндүрүлгөн жана көп жылдар бою буюмдарды сактоо үчүн колдонулган оюм-чийим түшүрүлгөн сеп сандыктар кол эмгеги жана материалдары менен башка аймактардан айырмаланат. Кахраманмараш муниципалитетинин кайрылуусу менен 2017-жылы Түркиянын географиялык жактан катталган өнүмдөрүнө кирген «Кахраманмараш сеп сандыгы» жаңгак жыгачынан жасалат. Жаңгак дарагы нымдуу болбошу үчүн алгач кургатылат. Сандык 4, 6 же 8 бурчтуу, жалпысынан кең жана бийик өлчөмдөрдө өндүрүлөт. Кахраманмарашта 1980-жылдарга чейин сандыктын капталдарын бириктирүү үчүн карлыгач куйругу ыкмасы колдонулган. Андан кийин аны станок менен бириктире башташкан. Өндүрүштө «Жасмык клейи» деп аталган чайыр жана сөөк күкүмүнүн аралашмасы колдонулган сеп сандыктын оюм-чийим мотивдеринде болсо кол эмгегин талап кылган тарыхый фигуралар жана өсүмдүк түрлөрү чагылдырылат.



Тектеш кабарлар