Түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-43

2003105
Түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түрк мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 28-май күнү болуп өткөн шайлоодо кайрадан президент болуп шайланган Режеп Таййип Эрдоган чет жерге алгачкы иш сапарын 12-13-июнь күндөрүндө Түндүк Кипр Түрк Республикасына жана Азербайжанга жасады. Ошентип Түркия президенти чет мамлекетке болгон алгачкы сапарын аты аталган эки мамлекетке жасоо салтын улантты. Президент Эрдоган иш сапарынын алкагында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Премьер-министри Үнал Үстел жана Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев менен жолугушту. Илхам Алиев-Режеп Таййип Эрдоган жолугушуусунда Азербайжан менен Түркиянын орток университетин ачуу боюнча иштер жүрүп жатканы айтылды. Президент Эрдоган журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Түрк Мамлекеттери Уюмун дагы да өнүктүрүү жана күчтөндүрүү үчүн кээ бир кадамдардын ташталышы мүмкүн экенин билдирди. Президент Режеп Таййип Эрдоган “Түркия кылымы, Түрк дүйнөсүнүн да кылымы болот деп үмүттөнөм” деген постту жеке баракчасынан бөлүштү.

13-14-июнь күндөрүндө Самаркандда Түрк Мамлекеттер Уюмунун билим берүү министрлеринин 7-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын министрлери жана министрдин орун басарлары катышты. Өзбекстандын мектепке чейинки жана мектеп учурундагы билим берүү министри Хилола Умарова Түрк Мамлекеттер Уюмунун алкагында Аль-Хорезми атындагы эл аралык жаш математиктердин олимпиадасын өткөрүүнү сунуштады.

15-16-июнь күндөрүндө Ташкентте “21-кылымдагы Жибек жолу: заманбап транспорт жана логистикалык технологиялар” аттуу семинар болуп өттү. Семинарга Түркия, Азербайжан жана Өзбекстандан келген адистер катышты. Семинардын жүрүшүндө Ташкент мамлекеттик транспорт университети, Стамбул техникалык университети жана Азербайжан техникалык университетинин ортосунда кызматташуу протоколуна кол коюлду.

15-июнь күнү Пакистандын премьер-министри Мохаммед Шахбаз Шариф Азербайжанга расмий иш сапары менен барды. Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев Пакистандын премьер-министри Мохаммед Шахбаз Шариф менен тет-а-тет жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрдү.

16-июнь күнү Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен жолугушту. Жолугушууда Палестина мамлекетинин башчысы Аббас Кыргызстан менен кызматташууну жакшыртууну кааларын билдирди. Август айында Кыргызстанга Палестинанын тышкы иштер министри Рияд Аль-Маликинин иш сапары менен келээри белгилүү болду.

17-июнь күнү Татарстандын раиси Рустам Минниханов Азербайжанга иш сапары менен барды. Рустам Минниханов Карабахта жолугушууларды өткөрдү.

Түрк аба жолдорунун бренди “AnadoluJet” 16-июндан тарта Измирден Бакуга каттамдарды аткара баштады. “AnadoluJet” аба жолдору аркылуу Түркиянын Анкара, Бодрум жана Стамбул шаарларынан Бакуга жетүү мүмкүн. “AnadoluJet” быйыл Анкарадан Түрк дүйнөсүнүн борбор шаарлары Бишкек, Ташкент жана Астанага каттамдарын баштады.

Ошол эле күнү Түркия менен Өзбекстандын жарандык авиация кызматынын жетекчилери Стамбулда жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы 5 жаңы багытка учууга уруксат берүү боюнча макулдашышты. Ошентип, Түрк республикаларынын ортосундагы аба каттамдары көбөйдү.

Окуялардан көрүнүп тургандай, Түрк дүйнөсүнүн эл аралык аренадагы таасири артууда. Түрк республикаларынын ортосундагы кызматташтык күндөн-күнгө өнүгүп жатат.

Программаны даярдагандар; Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар