Түркия кылымы

СЕТАнын тышкы саясий изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

1997830
Түркия кылымы

14 – 28 -  майда болгон шайлоодон кийин президент Эрдоган жаңы кабинетин жарыялады. Кабинетте Улуттук Чалгындоо Уюмунун кеңешичиси Хакан Фидан тышкы иштер министри болуп дайындалып, экономика министрлигине  Мехмет Шимшек сыяктуу либерал экономикалык моделдин жактоочусу болгон бир ысым дайындалды.  Дайындалган башка ысымдар менен бирдикте Түркия кылымынын ичин толтура турган күчтүү ысымдардан турган кабинет түзүлдү.

СЕТАнын тышкы саясий изилдөөчүсү Жан Ажундун бул тууралуу пикири.

Түркия  14 – 28 -  майда  шайлоо өткөрдү жана айрым батыштык өлкөлөрдүн күтүүсүнүн тышында президент Эрдоган жана Элдик альянсы утуп чыгып чоң  жеңишти жарыялаган болду. Кемал Кылычдароглунун лидерлигиндеги Улут альянсы жеңилген тарап болду. Шайлоонун жыйынтыктары белгилүү болгондон кийин суралган негизги суроо президент Эрдогандын кандай кабинет түзөрү тууралуу болду. Анткени кабинет Түркиянын мындан кийинки жол картасын жана саясатына карата маанилүү көрсөткүч болмок жана акырында Эрдоган абдан күчтүү бир кабинет түзүп, экономика, тышкы саясат жана коопсуздук саясатына байланыштуу багытын белгилеген болду.

Өзгөчө көптөгөн жылдар Улуттук Чалгындоо Уюмунун кеңешчилигин аткарган жана Түркияда, эл аралык негизде легендага айланган ысым Хакан Фидан, тышкы иштер министри болуп дайындалды. Бул дайындоо жаңы мезгилде Эрдоган абдан активдүү тышкы саясат жүргүзө турган,  күчтүү ысымды дайындады. Өзгөчө Хакан Фидандын Улуттук Чалгындоо Уюмунун төрагасы болуп турган кезде кагылышуу болгон аймактарга байланыштуу маалыматтарды чогулткандыгын эске алганда  улантуудан да сөз кылууга болот. Фидан мезгилинде АКШ  -  Россия теңдемеси сакталып, өзгөчө аймактык калыбына келүү жактан маанилүү абалдар болушу мүмкүн. Бириккен Араб Эмирликтери, Сауд Арабия жана Египет менен карым  - катнаштардын жаңы бир мезгилге кирүү ыктымалы менен бирге Сирия досьеси да дипломатиялык жактан карала баштайт. Түркия, Россия, Иран жана Сириянын ортосунда келишим тууралуу изденүү дагы маанилүү жерге келет.

Башка бир маанилүү дайындоо болсо экономика менен байланыштуу. Мехмет Шимшек  Казына жана каржы боюнча жооптуу министр катары дайындалды. Шимшек эл аралык норма жана эрежелерге баш ийген, либерал экономикалык моделди жактаган ысым. Ошондуктан жаңы мезгилде Түркиянын экономикалык моделинин кайрадан ушул контекстте бир багытка  кирери көрүнүүдө. Борбордук банктын төрагалыгына да ушуга окшогон саяаттарды жактаган бир ысым келет. Соода министри Өмер Болаттын да шайкеш түрдө иштеши күтүлүүдө. Ошондуктан жаңы мезгилде саясий  пайыздарын көбөйтө турган жана инфляцияны азайта турган акча-кредит саясаты маанилүү болот жана  күндөлүк балансты камсыздай тургандай  түрдө импортту алдыга  чыгарууга аракет кылынат. Түркия үчүн маанилүү болгон экономика үчүн бир реставрация мезгилине  күбө болобуз.

Ички иштери, коргонуу сыяктуу коопсуздук менен байланыштуу министрликтерге да күчтүү ысымдар дайындалды. Ушунун негизинде учурдагы коопсуздук парадигмасынын улантыларын, Түркия кылымы деп таанытылган жаңы мезгилде президент Эрдогандын лидерлигинде тышкы саясат, экономика жана коопсуздук башта болгон күчтүү бир кабинет менен Түркиянын жолун уланта тургандай көрүнүүдө.



Тектеш кабарлар