Буларды билесиздерби?

Космография

1987283
Буларды билесиздерби?

Ататүрктүн алгачкы түрк астрономия китебин жаздыргандыгын жана Айда бир кратерге Ататүрктүн атынын берилгендигин билесиздерби?

Түрк боштондук согушу жеңиш менен аяктап түрк улуту үчүн башка бир согуш башталып жаткан. Бир тараптан экономикалык кыйынчылык менен күрөшүү болсо бир тараптан илимге, искусствого инвестиция салынып, өлкө тышына билим алуу үчүн студенттер жиберилип, заманбап өлкө жарытылып жаткан.

Ал мезгилде адамдар астрономиянын эмне экендигин билген эмес. Бирок бир киши муну алдын алууну билген. Ататүрк билимге көңүл бурган,  алдыңкы көз караштагы мамлекеттик кызматкер болгон. Сорбонна университетинде учак инженердиги боюнча билим алган профессор Али Ярдан астрономия китебин жазууну талап кылат. Дүйнөдө мамлекеттик ишмердин астрономия китебин жаздыруусунун башка бир мисалы жок.

Профессор Али Яр «Космография» аттуу китеп даярдайт. Биринчиси дүйнө абдан чоң экономикалык кризис менен күрөшкөн 1929 -  жылы басылып чыккан китеп, орто мектептерде милдеттүү түрдө окутула баштайт.

Китепте мезгилдердин пайда болушуна, кара тешикке, Аристотелден Коперникке жана Галилейге чейин бардык негизги илимпоздордун көз караштарына, күн системасынан саманчынын жолу картасына чейин ал мезгилдер үчүн абдан маанилүү маалыматтарга орун берилген. Өзгөчө китептин ичинде көк жүзүнүн карталары, планеталар, жылдыз кластерлерин, телескоптор, ал түгүл айдын бетиндеги бир кратер да байкалат.

1956 -  жылы Галлер тектүү британиялык окумуштуу доктор Хью Перси Уилкинс Айдагы чоң кратерге терең урматтаган Ататүрктүн ысымын берет.



Тектеш кабарлар